В Чуйской школе-интернате состоялось официальное открытие образцовой модели школы в рамках Национальной программы школьного питания

June 21, 2026, 08:45

2026-жылдын 15-июнунда Чүй облусунун Чүй районуна караштуу Жаңы-Жол айылындагы Чүй мектеп-интернатында Россия Федерациясынын жана БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын (БУУ ДАП) колдоосу менен Мектеп тамактандыруунун улуттук программасынын алкагында ишке ашырылган үлгүлүү мектеп моделинин расмий ачылышы болуп өттү.


Иш-чара мектеп тамактандыруудагы заманбап ыкмаларды, практикага багытталган окутууну, окуучуларды кесиптик даярдоону жана билим берүү процессине экологиялык жактан туруктуу чечимдерди ийгиликтүү интеграциялоонун үлгүсүн көрсөттү.


Аземге Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү, эл аралык уюмдардын, дипломатиялык корпустун, өнөктөш уюмдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, педагогикалык жамаат жана окуучулар катышты.


Куттуктоо сөздөрү менен Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Гүлмира Кыштобаева, Кыргыз Республикасынын Агартуу министринин орун басары Лира Самыкбаева, Россия Федерациясынын Элчилигинин кеңешчиси Иван Прокопенко, Тармактык тамактануу институтунун президенти Владимир Чернигов жана БУУ ДАПтын Кыргызстандагы өлкөлүк директору Кожиро Накай сөз сүйлөштү.


Иш-чаранын жүрүшүндө доктор Джуньёль Ли мектеп инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана билим берүүнүн сапатын жогорулатууга багытталган төрт демилгенин негизги жыйынтыктарын сунуштады. Алар төмөнкүлөрдү камтыйт:

• Мектеп наабайканасы – окуучуларды кесиптик жактан окутуу жана алардын ишкердик көндүмдөрүн өнүктүрүү үчүн аянтча;

• Күн энергетикасы системасы – энергия чыгымдарын азайтууга жана «жашыл» технологияларды жайылтууга багытталган чечим;

• Күнөсканасы бар мектеп багы – айыл чарбасын үйрөнүүгө жана мектепти жаңы азыктар менен камсыз кылууга өбөлгө түзгөн билим берүү базасы.


Мектептин директору Назгүл Мусаева билим берүү мекемесинин жетишкендиктери менен тааныштырса, окуучулар маданий программа тартуулашты. Иш-чаранын маанилүү бөлүгү болуп жаңы объектилерди көрүп чыгуу жана кызыл тасманы салтанаттуу кесүү аземи болду.


Ишке ашырылган демилгелер мектеп тамактандырууну, билим берүүнү, экологиялык технологияларды жана окуучулардын практикалык көндүмдөрүн өнүктүрүүнү бириктирген комплекстүү мамиленин натыйжалуулугун дагы бир жолу тастыктады.


Сыйлоо аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги БУУ ДАПтын Кыргызстандагы өлкөлүк директору Кожиро Накайга, БУУ ДАПтын Кыргыз Республикасындагы кеңсесине, Тармактык тамактануу институтунун президенти Владимир Черниговго, Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Сергей Вакуновго жана БУУ ДАПтын инженери Айгүл Алимбековага Ыраазычылык каттарын тапшырды.


Сыйлыктар Кыргыз Республикасындагы мектеп тамактандыруу системасын өнүктүрүүгө жана БУУ ДАПтын 2023–2027-жылдарга карата Стратегиялык өлкөлүк планынын алкагында «Кыргыз Республикасында мектеп тамактандырууну оптималдаштыруу» программасын ишке ашырууга кошкон олуттуу салымы үчүн берилди.


Министрлик өнөктөштөрдүн мектеп инфраструктурасын модернизациялоодогу, туруктуу тамактандыруу моделдерин киргизүүдөгү жана балдардын билим алуу шарттарын жакшыртуудагы негизги ролун белгиледи.


«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду БУУ ДАП менен биргеликте Кыргыз Республикасында туруктуу мектеп тамактандыруу системасын өнүктүрүү жана билим берүү демилгелерин колдоо боюнча ишин улантат.


Долбоордун өнөктөштөрү: Россия Федерациясы, БУУ ДАП, Тармактык тамактануу институту (SIFI), Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги, «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду жана Чүй мектеп-интернаты.