«Кытайлык өнөктөштөр менен китеп чыгаруу жаатындагы кызматташтык маселелерин талкууланды
June 12, 2026, 08:46
2026-жылдын 11-июнунда «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун кеңсесинде Кытай Эл Республикасынын Чет тилдердеги адабияттарды басып чыгаруу басмасынын делегациясы менен жолугушуу болуп өттү.
Кытай тараптан жолугушууга Чет тилдердеги адабияттарды басып чыгаруу басмасынын башкы редакторунун орун басары Юй Ин, КЭРдин Чет тилдердеги адабияттарды басып чыгаруу жана жайылтуу башкармалыгына караштуу Борбордук жана Чыгыш Европа, ошондой эле Борбордук жана Түштүк Азия өлкөлөрү боюнча байланыш жана маалымат жайылтуу борборунун Биринчи эл аралык алмашуулар бөлүмүнүн башчысынын орун басары Чэнь Янь, Чет тилдердеги адабияттарды басып чыгаруу басмасынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы Доу Цян жана аталган борбордун Биринчи эл аралык алмашуулар бөлүмүнүн кызматкери Сян Хаоян катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар китеп басып чыгаруу тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү, Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы адабий жана маданий алакаларды кеңейтүү, ошондой эле биргелешкен басма долбоорлорун ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.
Кытайлык өнөктөштөр кыргыз уюмдары менен кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экендиктерин билдирип, адабияттарды которуу, басып чыгаруу жана эки өлкөнүн окурмандарына жайылтуу маселелери боюнча пикир алышты.
Өз кезегинде «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы гуманитардык байланыштарды чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилеп, маданият, билим берүү жана китеп чыгаруу багыттарында кызматташууну мындан ары да өнүктүрүүгө даяр экенин билдирди.
Жолугушуу жылуу жана конструктивдүү маанайда өтүп, кыргыз-кытай маданий кызматташтыгын мындан ары бекемдөөгө өбөлгө түздү.





