Ош шаарында райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн адистери үчүн мектептик жана мектепке чейинки тамактануу маселелери боюнча семинар өттү
June 5, 2026, 21:10
2026-жылдын 4-июнунда Ош шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын (БУУ ДАП) «Кыргыз Республикасында мектептик тамактанууну оптималдаштыруу» программасынын алкагында райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн адистери үчүн мектептик жана мектепке чейинки тамактанууну уюштуруу маселелерине арналган семинар өткөрүлдү.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин колдоосу менен БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы жана Эл аралык коомдук фонд «Роза Отунбаеванын демилгеси» тарабынан уюштурулду.
Семинарга Жалал-Абад, Баткен жана Ош облустарынын, ошондой эле Ош шаарынын райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн 51 өкүлүн кошкондо жалпысынан 68 адам катышты.
Катышуучуларды Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин Мектептик билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Мирбек Рахматильдеев, Мектепке чейинки билим берүү башкармалыгынын башчысы Нурзида Касымова, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин адиси Мария Кушубакова жана БУУ ДАПтын программалык бөлүмүнүн адиси Аида Афтандилова куттукташты.
Семинардын жүрүшүндө катышуучулар мектептик жана мектепке чейинки тамактанууну оптималдаштыруу программасынын жыйынтыктары менен таанышып, колдонуудагы ченемдик-укуктук база, тамак-аштын коопсуздугун жана сапатын камсыз кылуу, жергиликтүү деңгээлде мониторинг жүргүзүү маселелерин талкуулашты. Ошондой эле менюну пландаштыруунун заманбап ыкмалары жана мектептик тамактануу системасын башкаруу процесстерин санариптештирүү боюнча маалымат алышты.
Семинарда райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн билим берүү уюмдарынын ишин координациялоодогу, санитардык-гигиеналык талаптардын аткарылышын камсыз кылуудагы жана тамактануу программаларын башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуудагы ролуна өзгөчө көңүл бурулду.
Практикалык бөлүктө мектептик жана мектепке чейинки тамактанууну мониторингдөө боюнча топтук иштер уюштурулуп, катышуучулар тажрыйба алмашып, учурдагы көйгөйлөрдү чечүүнүн жолдорун талкуулашты.
Программанын алкагындагы кийинки семинар 2026-жылдын 8-июнунда Бишкек шаарындагы «Европа» мейманканасында өтөт. Ага Ысык-Көл, Нарын, Талас жана Чүй облустарынын, ошондой эле Бишкек шаарынын райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү катышат.
«Роза Отунбаеванын демилгеси» Фонду БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы менен биргеликте Кыргыз Республикасында туруктуу мектептик тамактануу системасын өнүктүрүүгө көмөктөшүүнү улантып, билим берүү тармагындагы адистердин потенциалын жогорулатууга жана балдардын тамактануу сапатын жакшыртууга багытталган иш-чараларды колдоону улантууда.





