Жогорку кеңештин депутаты Табылды Муратбеков балдарга китеп окуду
March 18, 2026, 08:07
Бишкек шаарындагы №4-мектепте “Жылдыздар балдарга китеп окуйт” акциясы депутат Табылды Муратбековдун катышуусунда өттү. Иш-чара балдардын китеп окууга кызыгуусун арттыруу максатында «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду тарабынан уюштурулуп келет.
Депутат 5-класстын окуучуларына Жибек Абдыраманованын «Кыялдар орундалат» аттуу китебин окуп берди. Чыгармада Адина аттуу кыздын баяны жазылган. Адинанын майыптыгы бар. Ал өз алдынча баса албайт. Дайыма коляска менен жүрөт. Бирок Адинанын кыялы бар. Ал бий конкурсуна катышкысы келет. Аңгемеде ал кыялына жетиш үчүн кандай кыйынчылыктарды жеңип чыккандыгы баяндалат. Табылды Муратбеков китептин мазмуну, кыялдануу боюнча балдар менен аңгемелешти. Балдар депутатка өздөрүнүн кыялдарын, максаттарын айтып беришти.
Иш-чаранын жүрүшүндө Фонддун аткаруучу директору Роза Кайыкова сөз сүйлөп, китеп окуу, кыялдануу, аракет кылуу балдар үчүн манилүү экендигине токтолду. Ал балдарды көбүрөөк китеп окууга чакырды.
Иш-чара окуучуларда жандуу кызыгууну пайда кылып, депутатка дагы суроолорун узатышты.
Белгилей кетсек, “Жылдыздар балдарга китеп окуйт” акциясы 13 жылдан бери Кыргызстандагы мектептерде өткөрүлүп, окуучуларды китеп окууга үндөп келет. Фонд мындан ары да балдардын китепке болгон кызыгуусун арттырууга багытталган иш-чараларды улантууну пландап жатат.




