Сокулук районунун Шопоков шаарында үй-бүлөлүк баалуулуктарды бекемдөө жана зомбулуктун алдын алуу боюнча тренингдер өткөрүлдү
March 16, 2026, 07:31
2026-жылдын январь–февраль айларында Чүй облусунун Сокулук районундагы Шопоков шаарында «Бактылуу үй-бүлө» долбоорунун алкагында зомбулуксуз татыктуу үй-бүлөлүк жашоо үчүн социалдык укуктарды жана мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө багытталган беш тренинг ийгиликтүү өткөрүлдү.
Долбоорго Сокулук районунун райондук мамлекеттик администрациясынын (РМА) жана РУТСОМдун көмөгү менен тандалган 15 аялуу үй-бүлө катышты.
Долбоордун негизги максаты — тренингдерди өткөрүү, консультациялык колдоо көрсөтүү, жеке коштоо жана психологдун кызматтарын сунуштоо аркылуу Чүй облусунун Сокулук районундагы кеминде 15 үй-бүлөдө үй-бүлөлүк зомбулуктун деңгээлин азайтууга жана алардын финансылык сабаттуулугун жогорулатууга көмөктөшүү болуп саналат.
Тренингдердин жүрүшүндө катышуучулар үй-бүлөлүк баалуулуктарды түшүнүү, аялдар менен эркектердин тең укуктуулугу жана мүмкүнчүлүктөрү, гендердик теңчилик тууралуу кеңири маалымат алышты. Ошондой эле катышуучулар үй-бүлөдөгү мамилелерди баалоо, аялдардын жана эркектердин ден соолугу боюнча билимдерин кеңейтүү жана өз ара натыйжалуу диалог жүргүзүү көндүмдөрүн өнүктүрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.
Мындан тышкары, долбоордун алкагында тренингдин катышуучуларына азык-түлүк топтомдору да берилди.
«Бактылуу үй-бүлө» долбоору аялдарга жана кыздарга карата үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алууга, үй-бүлөлөрдүн социалдык-экономикалык деңгээлин жогорулатууга жана Сокулук районундагы үй-бүлөлөрдү колдоого багытталган.



