Эл аралык ыктыярчылар күнүнө карата

December 3, 2013, 06:00

Бешинчи декабрда волонтёрдук ишмердүүлүк тууралуу конференция Бишкекте өткөрүлөт. Бул тууралуу, "Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык фондунун аткаруучу директору Жибек Койчукулова билдирди. Жыйында волонтёрдук ишмердүүлүктүн баалуулуктары боюнча маселелер талкууга алынып, волонтёрдук долбоорлордун көргөзмөсү ачылат жана жылдын мыкты волонтёрлору да аныкталат. БУУнун өнүгүү программасынын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Александр Аванессовдун айтымында, ыктыярчылар уюму 1971-жылы уюшулган. Учурда дүйнө жүзү боюнча Бириккен улуттар уюмунун он миңге жакын волонтёру иштейт.

 

"Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык фондунун аткаруучу директору Жибек Койчукулова: “Бириккен улуттар уюмунун волонтёрлору 1996-жылдан бери Кыргызстанда иштеп баштаган. Учурда өлкөнүн бардык облустарында 34 волонтёр - эне жана бала, адам укугун коргоо жана жаратылышты сактоо өңдүү бир нече маселелердин үстүндө иш алып барууда.”

КТРК