Бала менен ата-эненин ортосундагы алтын көпүрө
October 28, 2025, 07:46
2025-жылдын 24-октябрында Нарын облусунун Ат-Башы районунун Бирлик айылында “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду тарабынан ишке ашырылып жаткан “АтаМЕНен” долбоорунун алкагында педагогика илимдеринин доктору, профессор Кыялбек Акматов тарабынан ата-энелер үчүн “Бала менен ата-эненин ортосундагы алтын көпүрө” аттуу тренинг өткөрдү.
Педагог Кыялбек Акматов тренингдин катышуучуларына бала тарбиялоодо, анын инсандык калыптануусундагы атанын ролу тууралуу кенен айтып берип, ата-эне менен балдардын ортосунда көпүрөнү куруунун жолдору менен бөлүштү. Мындан сырткары ата-эне балдар үчүн эң негизги үлгү экенин айтып, аларды өстүрүүдө коопсуздугу, баланын жеке мейкиндиги, коомдо өзүн алып жүрүү эрежелерин үйрөтүүнүн маанисине токтолду.
“АтаМЕНен” долбоору Ага Хан Фонду жана Канаданын Өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен ишке ашырылууда. Долбоордун максаты – балдардын тарбиясында аталардын катышуусун жогорулатуу жана ата-энелердин ролдорун тең бөлүштүрүү аркылуу балдардын эрте жаштан өнүгүүсүнө мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү.








