Ат-Башы районунда «Бактылуу үй-бүлө» сынагы өткөрүлдү

October 24, 2025, 07:29
2025-жылдын 17-октябрында Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ак-Моюн айылында «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду тарабынан ишке ашырылып жаткан «АтаМЕНен» долбоорунун алкагында Ак-Моюн жана Бирлик айылдарынын тургундарынын катышуусунда «Бактылуу үй-бүлө» аттуу интеллектуалдык-спорттук сынак өткөрүлдү. Иш-чарага жалпы 12 үй-бүлө катышып, ар кандай таймаштарда күч сынашты.

Иш-чарага Фонддун аткаруучу директору Арстанбек Сагынтай уулу, Ага Хан фондунун өкүлү Анара Карабекова жана долбоордун координатору Азамат Алагөз уулу катышып, жергиликтүү тургундарга ыраазычылыктарын билдиришти.

“Үй-бүлө менен чогуу убакыт өткөрүү балдар үчүн абдан маанилүү. Алардын балалыгы тууралуу көп жакшы эскерүүлөр дал ушул биргеликте өткөрүлгөн учурлардан калыптанат. Ошондуктан активдүү катышып жатканыңыздар үчүн азаматсыздар. Биздин Фонд балдарды эрте курактан өнүктүрүү жана ата-энелердин билгичтигин жогорулатуу багытында дайыма иш алып барып турабыз”, – дешти уюштуруучулар.

Сынактын максаты — аталардын үй-бүлөдөгү жана балдардын өнүгүүсүндөгү ролун жогорулатуу, ата-энелер ортосундагы өнөктөштүк жана колдоо мамилесин чыңдоо, ошондой эле ынтымактуу үй-бүлө баалуулуктарын жайылтуу болду.

Сынактын шарттарына ылайык, биринчи бөлүк онлайн-викторина түрүндө өтүп, катышуучулар балдарды тарбиялоо жана кам көрүү, ден соолукту чыңдоо, баланын эрте курактан өнүгүүсү жана психология боюнча кызыктуу суроолорго жооп беришти.

Экинчи бөлүгүндө бардык үй-бүлө мүчөлөрү катышкан спорттук оюндар жана эстафеталар уюштурулду.
Калыстар тобунун жыйынтыгы менен төмөнкү үй-бүлөлөр жеңүүчү деп табылды:

   Биринчи орун – Салмакеева Жазгүл жана Бексултан уулу Уланбектин үй-бүлөсү, байге – 60 000 сом.

   Экинчи орун – Бегалиев Айбек жана Жумакадырованын үй-бүлөсү, байге – 40 000 сом.

   Үчүнчү орун – Султангазы уулу Бекболот жана Дөөлөтбек кызы Наргизанын үй-бүлөсү, байге – 20 000 сом.

Мындан тышкары, атайын номинациялар боюнча да жеңүүчүлөр аныкталды:
  • «Шамдагайлар» – Исмаилов Бакыттын үй-бүлөсү;
    «Эң ынтымактуу команда» – Алиев Марстын үй-бүлөсү;
    «Эң интеллектуалдуу үй-бүлө» – Жапаркулов Ырысбектин үй-бүлөсү;
    «Эң кайраттуулар командасы» – Төрөбек уулу Айбектин үй-бүлөсү.

    Бардык жеңүүчүлөргө жана катышуучуларга үй тиричилик буюмдары жана эсте каларлык белектер тапшырылды.