Ата-эне менен балдардын кызматташтыгы аркылуу өнүгүү боюнча тренинг өттү
October 24, 2025, 07:19
2025-жылдын 16-октябрында Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ак-Моюн айылында "Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык коомдук фонду тарабынан ишке ашырылып жаткан “АтаМЕНен” долбоорунун алкагында психолог жана билим берүү боюнча эксперт Асылбек Жоодонбеков ата-энелер үчүн “Ата-эне менен балдардын кызматташтыгы аркылуу өнүгүү” аттуу тренинг өткөрдү.
Тренингдин жүрүшүндө ата-энелердин педагогикалык сабаттуулугун жогорулатуу, күнүмдүк турмуштагы кырдаалдарды талкуулоо аркылуу балдар жана айланасындагылар менен эффективдүү мамиле куруу жолдору тууралуу маалымат берилди.
Мындан тышкары, тренингге катышкан 34 ата-эне окутуунун материалдары жана жеке турмуштук мисалдардын негизинде үй-бүлөдөгү жана чөйрөдөгү айрым эрежелерге сын көз менен караганды, ар тараптуу өнүгүүнү, бири-бирин түшүнүү жана кызматташуу жөндөмдөрүн кеңейтүүнү үйрөнүштү. Натыйжада катышуучулар жаңы билгичтиктерге ээ болушту.
“АтаМЕНен” долбоору Ага Хан Фонду жана Канаданын Өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен ишке ашырылууда. Долбоордун максаты – балдардын тарбиясында аталардын катышуусун жогорулатуу жана ата-энелердин ролдорун тең бөлүштүрүү аркылуу балдардын эрте жаштан өнүгүүсүнө мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү.













