Кыргызстанда бала бакчалардын саны эки эсе азайган

November 27, 2013, 06:00

20 жылдын ичинде Кыргызстанда бала бакчалардын саны эки эсе азайган. Мындай маалыматты “Роза Отунбаеванын демилгеси” фондунун “Мектепке чейинки билим берүү маселесиндеги мамлекеттик саясатты алга жылдыруу” долбоорунун координатору Гүлнара Курманова билдирди. Анын айтымында, 1990-жылдары бала-бакчалардын саны 2 миңден ашуун болсо, азыр алардын саны 741. Учурда бала бакчага наристелердин 15 % ашыгы гана барат.

 

“Роза Отунбаеванын демилгеси” фондунун өкүлү Гүлнара Курманова: “Азыр өлкөдөгү балдардын 80 % ашыгы бала бакчага барууга мүмкчүлүгү жок. Бул маселени чечүү максатында Билим берүү министрлиги, Билим берүү академиясы менен биргеликте 1,5 айга эсептелген 100 сааттык жана 3 айга 240 сааттык кыска курстар иштелип чыккан. Бирок ал жетиштүү деңгээлде билим берүүнү камсыз кыла албагандыктан учурда 480 сааттык 1 жылдык курс иштелип чыгууда.”


КТРК