Бишкекте ата-энелер үчүн “5 кадам” үй-бүлөлүк фестивалы өттү
October 20, 2025, 06:25
2025-жылдын 18-октябрында Бишкектеги “Дасмия” этно-борборунда ата-энелерге арналган “5 кадам” үй-бүлөлүк фестивалы жана китептин презентациясы болуп өттү. Иш-чара “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду тарабынан “Миндеру” фондунун колдоосу менен ишке ашырып жаткан “5 ке чейин үлгүр” долбоорунун алкагында уюштурду. Фестиваль үй-бүлөдөгү жылуу мамиле, ата-эне менен баланын эмоционалдык байланышы жана баланын өнүгүүсүндөгү беш негизги багытка арналды.
Фестивалдын ачылышында Кыргыз Республикасынын экс-президенти, фонддун негиздөөчүсү Роза Отунбаева сөз сүйлөп, ата-энелерге кайрылды:
«Азыркы
заман таптакыр башка, атаандаштык күчөгөн мезгил.Биздин балдар ийгиликке жетиш
үчүн башкача тарбияланышы зарыл.Баланын өнүгүүсү 5 жашка чейин калыптанат,
ошондуктан азыр биз балдарыбызга көңүл бурушубуз керек. “5 кадам” китеби — ар бир үйдө окула турган
колдонмо», — деди ал.
Кыргыз Республикасынын Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева мамлекет тарабынан ата-энелерди окутуу иштери да жүргүзүлүп жатканын белгиледи:
«“5 кадам” китеби— бул илимий далилге негизделген ыкма. Эгер бала менен
баарлашпасаңар, анын тили өнүкпөйт. Балдарды көбүрөөк кучактагыла. Кымбат кийим
же буюм эмес, эң кымбат нерсе — силердин колдооңор. “Сенин колуңан келет” деген
чоң эненин сөзү, жомогу — ошол баланын ишенимин жаратат», — деди министр.
Фонддун аткаруучу директору Роза Кайыкова жаңы басылып чыккан “5 кадам” китебин жана ата-энелер үчүн
инстаграм-баракчаны тааныштырды.
«0–5
жаш — бул баланын мээси эң тез өнүгүүчү “алтын доор”. Бул куракта сүйлөшүү,
ырдоо, ойноо, сүйүү көрсөтүү жана угуу — баланын келечектеги ийгилигинин
пайдубалы. Беш негизги кадам — байланыш түзүү, баарлашуу, оюндар, сергек
үй-бүлө жана жамаат — ар бир баланын бактылуу жана ишенимдүү болуп өсүшүнө шарт
түзөт», — деди ал.
Алып баруучу Мирзат Муканов башкы аянтта
ата-энелер жана балдар үчүн бир катар оюндарды өткөрдү. Ошондой эле фестивалда “5 кадам” инстаграм баракчасындагы жума
сайын өткөрүлүүчү сынактардын жеңүүчүлөрү сыйланды.
Иш-чаранын алкагында “5 жашка чейин үлгүр” долбоорунун негизинде жазылган беш жаңы балдар ырларынын бет ачары да
болуп өттү.
Бул ырларды белгилүү аткаруучулар Ишен Календаров жана Гүлзат Байзакованын неберелери — Камбар уулу Искендер, Камбар кызы Адеми, Камбар кызы Арууке, ошондой эле Эмил Ишен жана Айсана Оморова аткарышты.
Фестивалдын өзгөчөлүгү — беш темалык аянтча болду:
Иран,
Түркия, Кытай элчиликтери пайдалуу тамак жасоо боюнча сергек үй-бүлө аянтчасында
мастер-класстар өткөрүштү. Катышуучулар тамак дегустациясына да катышышты.
Көркөм
сүрөт академиясынын студенттери балдар менен
пластилин, оригами, квиллинг жана сүрөт тартуу боюнча эмоционалдык байланыш аянтчасында
мастер-класстарды өткөрүштү.
AIDAI
кийиз студиясынын уздары катышуучуларга жамаат аянтчасында жүндөн шуру жана гүл
брошка жасоону үйрөтүштү.
И.Арабаев атындагы КМУ студенттери балдар
үчүн кыргыздын улуттук оюндарынан тартып нейрондук көнүгүүлөргө чейин оюндар аянтчасында кызыктуу иш-чаралар
уюштурушту.
КР
Саламаттыкты сактоо министрлигинин колдоосу менен
педиатр, логопед, психолог жана аллергологдор ата-энелерге акысыз консультация
беришти.









































