Төрөлгөндөн тартып 5 жашка чейинки балдардын өнүгүүсү тууралуу ата-энелер үчүн “5 кадам” китеби чыкты
October 14, 2025, 06:37
Кыргызстанда бала тарбиялоо жаатында кыргыз жана орус тилдеринде маанилүү колдонмо жарык көрдү. “5 кадам” басылмасы – төрөлгөндөн тартып беш жашка чейинки балдардын өнүгүү этабын камтыган, ар бир ата-эне жана тарбиячы үчүн практикалык кеңештерди сунуштаган өзгөчө колдонмо болуп саналат.
Бул колдонмонун мазмуну Сидней университетинин Мээ жана акыл-эс борборунун илимий базасынын негизинде даярдалып, Австралиялык “Миндеру” фондунун колдоосу менен “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду тарабынан кыргыз жана орус тилдерине которулуп басылып чыкты.
“5 кадам” колдонмосу беш негизги бөлүмдөн турат. Ар бир бөлүмдө ата-энелерге жана бала менен иштеген адистерге арналган практикалык көнүгүүлөр, кеңештер жана түшүндүрмөлөр камтылган. Басылмада баланын өсүп-өнүгүшүнө таасир этүүчү эң негизги факторлор баса белгиленет:
• Ата-эненин мээрими жана эмоционалдык колдоосу
• Баланын эркин ойноосу жана изилдөөсү
• Бактылуу жана коопсуз үй-бүлөлүк чөйрө
• Сергек жашоо образы
• Жамааттык жана социалдык чөйрө
Бул факторлор баланын беш жашына чейин чоң мааниге ээ болуп, келечектеги инсандык сапаттарга түздөн-түз таасир этет.
Бул процессте ата-эненин орду өзгөчө маанилүү. Табигый өнүгүүдөн сырткары, балага күнүмдүк мээрим, көңүл буруу жана өз ара активдүү байланыш зарыл.
“5 кадам” колдонмосунун электрондук версиясы жана кошумча материалдары @5kadam Instagram баракчасына жайгаштырылган. Жакын арада китептин бет ачары болуп ата-энелерге акысыз таркатылат.
