«БАКТЫЛУУ ҮЙ-БҮЛӨ» СЫНАГЫНЫН ЖОБОСУ

September 23, 2025, 09:57

“Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду ишке ашырып жаткан “АтаМЕНен” долбоорунун алкагында Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ак-Моюн жана Бирлик айылдарынын тургундары арасында “Бактылуу үй бүлө” сынагын жарыялайт.



Сынактын максаты аталардын үй-бүлөлүк балдардын өнүгүүсүндөгү катышуусун жогорулатуу, ата-энелер ортосундагы өнөктөштүк, колдоо мамилесин чыңдоо, ынтымактуу үй-бүлө баалуулуктарын жайылтуу.



СЫНАКТЫН ЖОБОСУ

Катышуучулар

3 кишиден турган үй-бүлөлүк команда: ата (же чоң ата, ага, таяке, таята) + апа (чоң эне, тайене,тайэже, эже ) + уул же кыз.

Балдардын жаш курагы: 4–10 жаш.

12 үй-бүлөлүк команда

 Өткөрүү убактысы жана жери

Сынак: Ак-Моюн айылы

Дата: 17.10.2025


СЫНАКТЫН ФОРМАТЫ ЖАНА ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР

•  Ар бир үй-бүлөнүн катышуусу эки бөлүк боюнча бааланат: интеллектуалдык (Kahoot) жана спорттук эстафета.


Сынак эки блоктон турат:

1.  Интеллектуалдык блок – «Үй-бүлөлүк Kahoot»

Онлайн-викторина, анда үй-бүлөлөр төмөнкү темалар боюнча суроолорго жооп беришет:

балдарды тарбиялоо жана кам көрүү,

ден соолукту чыңдоо,

балдардын эрте курактан өнүгүүсү,

психология,

туура тамактануу,

жалпы кызыктуу суроолор.

Kahoot автоматтык түрдө туура жоопторду чыгарат.

Ар бир туура жоопко 3  балл. Жалпы 20 суроо болот.

2. Спорттук блок – «Үй-бүлөлүк марафон»

Бардык үй-бүлө катышкан кызыктуу оюндар жана эстафеталар:

Аркан тартышуу –үй-бүлөлүк команда толугу менен катышат. Ар бир командага чучукулак кармоо жолу менен атаандаш команда тандалат. Өзүнө туура келген команданы утуп чыккан командага 10 балл берилет. Бир команда 1 жолу гана катышат.  

Кызыктуу эстафета – теннис ракеткасынын үстүндөгү топ менен коюлган белгини айланып чуркап келүү . 12 команда  үч-үчтөн болуп 4 топко бөлүнөт. Ар бир топ өз арасында жарышат. Берилген топторду эң тез  убакытта биринчи чакадан экинчи чакага чогулткан команда жеңишке жетишет.1-орунга 10 балл, 2-орунга 7 балл, 3-орунга 5 балл.

Үйлөнгөн шарды теннис ракеткасы менен абада согуп  атайын коюлган белгиден айланып өтүп келүү. 12 команда  үч-үчтөн болуп 4 топко бөлүнөт. Ар бир топ өз арасында жарышат. Эң кыска убакытта 3 жолу айлантып келген команда жеңишке жетет. Бардык команда мүчөлөрү катышат. 1-орунга 10 балл, 2-орунга 7 балл, 3-орунга 5 балл.

Үй-бүлөлүк пазл – командалык негизде пазл сүрөттү чогултуу. Эң кыска убакытта чогулткан команда жеңишке жетет. Бардык команда мүчөлөрү катышат. 1-орунга 10 балл, 2-орунга 7 балл, 3-орунга 5 балл.

Волейбол тобу менен жарышуу. Волейбол тобун атайын коюлган белгиден кол менен жерде айлантып келүү.  12 команда  үч-үчтөн болуп 4 топко бөлүнөт. Ар бир топ өз арасында жарышат. Эң кыска убакытта 3 жолу айлантып келген команда жеңишке жетет. Бардык команда мүчөлөрү катышат. 1-орунга 10 балл, 2-орунга 7 балл, 3-орунга 5 балл.

 

ЖЫЙЫНТЫК ЖАНА СЫЙЛОО

Жыйынтык  упайлардын суммасы менен аныкталат.

Жыйынтык балл боюнча жеңүүчүлөр аныкталат.


Жеңгендерге сыйлыктар каралган.

1-орун: 60 000 сом

2-орун: 40 000 сом

3-орун: 20 000 сом


Кошумча

Ар бир үй-бүлөнү шыктандыруу үчүн атайын номинациялар коюлуп, белектер берилет:

«Шамдагайлар» (эстафетанын жыйынтыгы)

«Акылмандар» (Kahoot жыйынтыгы)

«Эң ынтымактуу команда» (калыстардын пикири боюнча)

«Эң кайраттуулар командасы» (жеңиштен жеңилип жатканын билсе дагы, акырына чейин баш тартпаган команда)


“АтаМЕНен” долбоору Ага Хан Фонду менен биргеликте жана Канаданын Өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен ишке ашырылууда. Долбоордун максаты – балдардын тарбиясында аталардын катышуусун жогорулатуу жана ата-энелердин ролдорун тең бөлүштүрүү аркылуу балдардын эрте жаштан өнүгүүсүнө кеңири мүмкүнчүлүктөрдү түзүү.