Жибек жолунда биргеликте: Кыргызстан- Кытай кызматташтыкты өнүктүрүү жолдору талкууланды

September 23, 2025, 09:42

2025-жылдын 22-сентябрында Бишкекте "Жибек жолундагы жүрөктөрдүн байланышы" аттуу кытай-кыргыз эл аралык достук иш-чарасы болуп өттү. 

Жолугушууну эл аралык алмашуу жана өз ара түшүнүшүү боюнча Кытай ассоциациясы (CAFIU) жана "Роза Отунбаеванын демилгеси"эл аралык коомдук фонду уюштурду.

 

Иш-чарага дипломатиялык корпустун, коомдук уюмдардын, медицинанын жана билим берүүнүн өкүлдөрү чогулуп, эки өлкөнүн ортосундагы гуманитардык кызматташтык жана достукту чыңдоо маселелерин талкуулашты.

 

Саламдашуу сөздөрү менен CAFIUнун вице-президенти Ай Пин жана "Роза Отунбаеванын демилгеси" фондунун аткаруучу директору Роза Кайыкова жана КЭРдин Кыргызстандагы Элчилигинин кеңешчиси Ли Хуа чыгып сүйлөштү.

 

Кытай кайрымдуулук альянсынын эл аралык департаментинин директору Чжоу Цзяцин, "Үмүт — Надежда" балдар реабилитациялык борборунун директору Айша Ногойбаеванын, Ся Ии Ланьчжоу университетинин алдындагы экинчи клиникалык оорукананын ортопедия кафедрасынын профессору жана Кыргызстандын балдар билим берүү уюмдарынын ассоциациясынын директору Камила Исабекованын сүйлөгөн сөздөрү катышуучулардын өзгөчө көңүлүн бурду.


Алар билим алмашуу жана биргелешкен демилгелердин маанилүүлүгүн белгилеп, саламаттыкты сактоо, билим берүү жана балдарды социалдык колдоо тармактарындагы тажрыйбалары менен бөлүшүштү.

 

Расмий бөлүктөн кийин жандуу дискуссия болуп, анын жүрүшүндө катышуучулар идеялар менен алмашып, келечектеги кызматташтыктын багыттарын белгилешти.

 

Бул иш-чара азыркы Жибек жолунда өз ара сый-урматтын жана тилектештиктин духун символдоштуруп, Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы элдик дипломатияны, маданий байланыштарды жана достукту чыңдоо жолундагы маанилүү кадам болуп калды.