БУУ өкүлдөрү Баткенде аялдардын тынчтык жана социалдык өнүгүүгө катышуусун талкуулашты
September 23, 2025, 09:35
БУУнун Башкы катчысынын Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Каха Имнадзе жана БУУнун Кыргызстандагы Өнүктүрүү программасынын координатору Антье Граве Баткен облусуна барып, аймактын жетекчилиги, жарандык коомдун өкүлдөрү жана "Кыргызстандагы жарандык коомдун активдүү аялдар уюмдары Тынчтык үчүн" долбоорунун активисттери менен жолугушту.
Облустук администрацияга болгон иш сапарында жана коомчулук менен жолугушууларда туруктуу тынчтыкты бекемдөө жана социалдык өнүгүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Катышуучулар диалог аянтчаларын түзүүнүн, маданий байланыштарды кеңейтүүнүн, "жашыл” экономиканы илгерилетүүнүн жана жалпыга маалымдоо каражаттары менен кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилешти. Жаштардын жана аялдардын лидерлигине, ошондой эле алардын тынчтыкты чыңдоонун негизги фактору катары социалдык-экономикалык демилгелерге жигердүү катышуусуна өзгөчө басым жасалды.
Ошондой эле климаттын өзгөрүшүнө жана анын жергиликтүү жамааттардын
жашоосуна тийгизген таасирине байланыштуу чакырыктар талкууланды. Талкуунун
маанилүү аспектиси коопсуздукту камсыз кылуу, тынчтыкты өнүктүрүү жана сактоо
менен байланышкан маселелерди чечүүдө аялдардын ролу жана алардын активдүүлүгү
болду.
"Кыргызстандагы жарандык коомдун активдүү аялдар уюмдары Тынчтык
үчүн" долбоору гендердик теңчиликти илгерилетүү жана аялдардын тынчтыкты
сактоо процесстерине катышуусу үчүн негиз катары аялдар уюмдарынын
институционалдык потенциалын өнүктүрүүгө багытталган. Ал ошондой эле аялдарды
стратегиялык чечимдерди кабыл алууга, анын ичинде климаттык коопсуздук жана
туруктуу өнүгүү контекстинде тартуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө өбөлгө
түзөт.

