Эл аралык волонтерлук күнүнө арналган волонтерлук конференциясын өткөрүү жөнүндө пресс-релиз

December 5, 2013, 06:00

2013-жылдын 5-декабрында Бишкекте волонтерлук конференциясы болуп өттү. «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду ООНдун Кыргызстандагы Ыктыярдуулары, Борбордук Азиядагы Америкалык Университет (АУЦА), АКШнын Кыргызстандагы Тынчтык Корпусу (PeaceCorps) жана Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттиги (JICA) менен бирдикте бул конференциянын башкы демилгечиси жана уюштуруучусу болду.

 

Бүгүнкү күндө волонтерлук жардам ооруканаларда жана клиникаларда, мектептерде жана ушундай жардам коомго, шаарга жана бүтүндөй алганда өлкөгө оң таасир эте турган башка уюмдарда өтө зарыл болуп турат.

 

Азыркы учурда кыйла көп сандагы жаштар өз жамааттарына волонтерлук жардам көрсөтүүгө даяр, бирок ишембиликтерге катышуу сыяктуу формадан башка волонтерлуктун формалдуу структурасы жок.

 

Ыктыярдуулук маселелерин түшүндүрүү жана көтөрүп чыгуу максатында «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ өнөктөр менен бирдикте ушул конференцияны өткөрдү.

 

Дискуссиялардын учурунда волонтерлук маселелери, көйгөйлөр жана аларды чечүү жолдору, келечектер жана Кыргызстандагы иштердин бардык чөйрөлөрүнө волонтерлукту киргизүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Ошондой эле туруктуу жардам, биргелешкен жоопкерчилик жана экологиялык дөөлөттөр сыяктуу ыктыярдуулуктун ар кандай аспекттери талкууга алынды. Саламаттык сактоо, билим берүү жана көркөм өнөр, курчап турган чөйрө боюнча долбоорлорго, жаштар үчүн жана калктын аялуу катмарларына жардам долбоорлоруна волонтер катары катышууга ниеттенген ар бир адам жазылуу мүмкүндүгүн алды.

 

Эл аралык волонтерлук күнүнүн урматына өз ишине волонтерду аралаштырып жүргөн ар бир уюм ушундай уюмдардын иш-чараларын уюштурууга жана өткөрүүгө жардам көрсөткөндүгү жана иштиктүү эриш-аркак аракеттенгендиги үчүн эң көрүнүктүү волонтерлорду сыйлады.

 

Конференцияга эл аралык донор уюмдар, эл аралык жана жергиликтүү НПОлор, ошондой эле Кыргызстандын дипломатиялык корпус катышты.

 

Конференция волонтерлор уюштурган салтанаттуу концерт менен аяктады.