Ынтымак жумалыгы: климат жана коомчулуктардын биримдиги
September 22, 2025, 07:27
2025-жылдын 18-сентябрында «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО) менен биргеликте «Ынтымак жумалыгынын» алкагында «Тынчтыкты куруу жана социалдык биримдик максатында жаратылыш ресурстарын башкаруу жана климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо» аттуу сессия өткөрдү.
Сессияда климаттын өзгөрүшү, жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жана коомдогу тынчтыкты чыңдоонун өз ара байланышы талкууланды. Ошондой эле чечимдерди кабыл алуу процессине жарандык коомду жана жергиликтүү жамааттарды тартуу маселелерине, туруктуу өнүгүүнү илгерилетүүдө аялдар менен жаштардын ролуна өзгөчө көңүл бурулду.
Сессиянын спикерлери:
- Ачикеева Чолпон Чекировна – эксперт, Кыргыз
Республикасынын министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана
жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин ЖӨБ
органдарын координациялоо жана колдоо бөлүмүнүн башчысы;
- Кыял Тилебалдиева – гендер жана социалдык биримдик маселелери боюнча эксперт/машыктыруучу.
Талкуунун жүрүшүндө жаратылыш
ресурстарын туура башкаруу жана климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо – социалдык
чыңалууну азайтууга, региондордун туруктуу өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүүгө жана
тынчтыкты куруунун натыйжалуу куралы боло алары белгиленди.
Бул сессия коомдун ар түрдүү
секторлорунун ортосунда өз ара түшүнүшүүнү, тилектештикти жана кызматташтыкты
чыңдоого багытталган «Ынтымак жумалыгынын» кеңири программасынын бир бөлүгү
болуп калды.
Иш-чара «Кыргызстандагы
жарандык коомдун активдүү аялдар уюмдары – Тынчтык үчүн» долбоорунун
алкагында өткөрүлдү. Долбоор аялдар уюмдарынын институционалдык потенциалын
чыңдоого, гендердик теңчиликти илгерилетүүгө жана аялдардын тынчтыкты сактоо
процессине толук кандуу катышуусу үчүн шарттарды түзүүгө багытталган. Ошондой
эле ал аялдардын стратегиялык чечимдерди кабыл алууга, анын ичинде климаттык
коопсуздук жана туруктуу өнүгүү маселелерине активдүү тартылышына өбөлгө түзөт.


