«Ата МЕНен» долбоорунун алкагында “Балдарды эрте куракта өнүктүрүүдө атанын ролу” тренинги өттү

September 19, 2025, 06:00
2025-жылдын 16-сентябрында Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ак-Моюн айылында "Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык коомдук фонду тарабынан ишке ашырылып жаткан“АтаМЕНен” долбоорунун алкагында балдардын өнүгүүсүнө аталардын катышуусун жогорулатуу багытында биринчи окутуу өткөрүлдү.

Алгачкы тренинг балдарды эрте куракта өнүктүрүү адиси Эльмира Узакова тарабынан “Балдарды эртек куракта өнүктүрүүдө атанын ролу” темасында өткөрүлдү. Окутуунун жүрүшүндө Эльмира Узакова азыркы муундун өзгөчөлүгү, ата-энеден бирдей мээрим көргөн бала менен толук мээрим ала албаган балдардын мээсинин түзүлүшү, психико-эмоционалдык абалы, коомдогу калыптануусу, жана келчегине тийгизген таасири тууралуу кенен маалымат берди. Катышуучулар балдары менен болгон мамилесин, үй бүлөдөгү башынан өткөргөн тажрыйбалары менен бөлүшүштү. Кээ бир ата-энелер баламдын курсагы ток, кийими бүтүн болгону жетиштүү деп ойлойт элем, бирок балам достору менен тентек кылып, иши Ички иштер бөлүмүнө жеткенде гана сүйлөшүү маанилүү экенин билдим деди. Группаларга бөлүнүп иштөөдө катышуучулар ата-эне менен бала ортосундагы көйгөйлөр тууралуу айтып, аны чечүү жолун талкуулап, сунушташты.

“АтаМЕНен” долбоору Ага Хан Фонду менен биргеликте жана Канаданын Өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен ишке ашырылууда. Ал балдардын тарбиясында аталардын катышуусун жогорулатуу, ата-энелердин ролдорун тең бөлүштүрүү аркылуу балдардын эрте курактан өнүгүүсүнө мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү максатын көздөйт.