«Ата МЕНен» долбоорунун алкагында балдар психологиясы боюнча тренинг өттү

September 19, 2025, 07:30
2025-жылдын 17-сентябрында Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ак-Моюн айылында "Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык коомдук фонду тарабынан ишке ашырылып жаткан “АтаМЕНен” долбоорунун алкагында балдар психологиясы боюнча ата-энелерге тренинг өткөрүлдү.

Тренингди балдар психологу Асель Суюмбаева өткөрдү, анда үй-бүлө биримдиги, атанын үй-бүлөдөгү жана коомдогу ролу, балдардын инсан катары калыптанышына, физикалык жана моралдык ден соолугуна тийгизген таасири, үй-бүлөдөгү конфликттер жана аларды зордук-зомбулуксуз чечүү жолдору тууралуу окутуу жана талкуу болду.

«Үй-бүлө дегенде биз адатта ата-энени жана балдарды элестетебиз. Бирок көп учурда аталар өздөрүнүн үй-бүлөдөгү ордун жана таасирин толук аңдап түшүнө беришпейт. Коомдо алар көбүнчө сыртта акча табуучу катары гана кабыл алынат. Бүгүн аталардын ролун талдаганда көпчүлүк ата-энелердин көздөрү жайнап, “ушундай маалымат, билим бизге керек экен, көп нерсени билдик” деп ыраазычылыгын билдиришти», – деди психолог Асель Суюмбаева.

Ак-Моюн айылынын тургуну Кеңешбек Сакыбаев өз пикирин мындайча бөлүштү: «Бул долбоор жана окутуулар бизге абдан керек болду. Билгенибизден билбегенибиз көп экен. Көрсө, биз аталар балдарыбыз менен көп баарлашпайт экенбиз. Алар бизге кызыктуу маалымат айткысы келсе, биз телефонго же башкага алаксып, көңүл бурбай коюп жүрүптүрбүз. Бул ата-эне менен баланын ортосунда чоң ажырым жаратат турбайбы. Ошондуктан бүгүн алган билимдерибизди сөзсүз үйдө колдонобуз», – деди ал.

“АтаМЕНен” долбоору Ага Хан Фонду жана Канаданын Өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен ишке ашырылууда. Долбоордун максаты – балдардын тарбиясында аталардын катышуусун жогорулатуу, ата-энелердин ролдорун тең бөлүштүрүү аркылуу балдардын эрте жаштан өнүгүүсүнө мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү.