«АтаМЕНен» долбоорунун экинчи этабын баштоо иш-чарасы өттү
September 18, 2025, 07:22
"Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык коомдук фонду балдардын өнүгүүсүнө аталардын катышуусун жогорулатууга багытталган “АтаМЕНен” долбоорунун экинчи этабын ишке ашыра баштады.
Долбоорду баштоо иш-чарасы 2025-жылдын 16-сентябрында Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ак-Моюн айылында өткөрүлдү. Иш-чарага Ат-Башы райондук акимчилигинин жетектөөчү адиси Үмөталиев Каныбек, Ат-Башы райондук билим берүү борборунун директору Шакеева Асыл, Фонддун аткаруучу директору Кайыкова Роза, Ак-Моюн айыл аймагынын башчысы Молдоев Бердибек, Ага Хан Фондунун өкүлү Икрамова Асель, мектеп жана бала бакчалардын директорлору, мугалимдер, тарбиячылар, активисттер жана ата-энелер катышты.
Иш-чараны ачкан Ак-Моюн айыл аймагынын башчысы Молдоев Бердибек айыл өкмөтү долбоордун багыттуу топ катары тандалганына ыраазычылыгын билдирип, айыл тургундарын демилгелүү болуп, долбоордон пайдалуу маалымат алып, үй-бүлө жана коом үчүн жакшы жыйынтык көрсөтүүгө чакырды.
Фонддун аткаруучу директору Роза Кайыкова долбоордун биринчи этабынын жыйынтыктары менен бөлүшүп, алдыдагы пландарга токтолду. Ал долбоор алкагында кичи гранттар каралганын белгилеп, балдардын өнүгүүсүнө түрткү берген жана аталардын бала тарбиялоодогу катышуусун жогорулатууга багытталган демилгелер жергиликтүү коомго чоң пайда алып келет деген үмүтүн билдирди. Жергиликтүү башкаруу органдарына жана Райондук билим берүү бөлүмүнө Фонд тарабынан басып чыгарган "Өмүрү өрнөк инсандар" топтомундагы китептерден жана "365 кызыктуу илимий эксперимент" китебин белекке берди.
Ат-Башы райондук акимчилигинин жетектөөчү адиси Үмөталиев Каныбек: «Учурда тарбия берүүдө негизги жоопкерчиликти энелерге жүктөп коюп жатабыз. Бул долбоор аталардын катышуусун арттырып, балдардын өсүп-өнүгүүсүнө чоң салым кошот», – деп белгиледи.
Ага Хан Фондунун өкүлү Асель Икрамова долбоордун биринчи этабы жакшы жыйынтык көрсөткөндүктөн, аны улантуу чечими кабыл алынганын айтты. Ал айыл тургундарына кайрылып: “Сиздер да көп пайдалуу маалымат алып, аны турмушта колдонуп, жакшы жыйынтыкка келесиздер деген үмүттөмүн”,- деп билдирди.
Долбоордун координатору Азамат Алагөз уулу биринчи этаптагы жыйынтыктар, долбоордун максаттары жана алдыдагы пландар тууралуу катышуучуларга презентация жасады.
2025-жылдын август айынан декабрь айына чейин долбоордун экинчи этабы Ат-Башы районунун Ак-Моюн жана Бирлик айыл аймактарында ишке ашырылат. Алкагында айыл аймактарынын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу боюнча пландар иштелип чыгат, ата-энелер үчүн психология, эрте жаштан өнүктүрүү, туура тамактануу жана гендердик теңчилик боюнча окутуулар өткөрүлөт. Ошондой эле мыкты аталар жана үлгүлүү үй-бүлөлөр арасында конкурстар уюштурулуп, жергиликтүү демилгелер үчүн кичи гранттар берилет.
Декабрь айында Нарын облусунда атайын аталардын форуму өткөрүлөт.
“АтаМЕНен” долбоору Ага Хан Фонду менен биргеликте жана Канаданын Өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен ишке ашырылууда. Долбоордун максаты – балдардын тарбиясында аталардын катышуусун жогорулатуу жана ата-энелердин ролдорун тең бөлүштүрүү аркылуу балдардын эрте жаштан өнүгүүсүнө кеңири мүмкүнчүлүктөрдү түзүү.



















