«Ата МЕНен» долбоорунун экинчи этабы башталды

September 9, 2025, 07:20
"Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык коомдук фонду балдардын өнүгүүсүнө аталардын катышуусун жогорулатуу багытында “АтаМЕНен” аталышындагы долбоорунун экинчи этабын ишке ашыра баштады. Ал 2025-жылдын август айынан декабрь айына чейин Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ак-Моюн айыл аймагында ишке ашырылат.

Долбоордун алкагында айыл аймагынын социалдык-экономикалык абалын өнүктүрүү планын иштеп чыгууга көмөк көрсөтүү, ата-энелердин балдардын өнүгүүсүнө катышуусун жогорулатуу боюнча окутуулар, мыкты аталар, үй-бүлөлөр арасында конкурстар уюштурулат жана жергиликтүү демилгелер үчүн кичи гранттар каралган. Мындан сырткары Нарын облусунда аталардын форумун уюштуруу пландалууда.

“АтаМЕНен” долбооруну балдардын тарбиясында аталардын катышуусун жогорулатуу, ата-энелердин ролдорун тең бөлүштүрүү аркылуу балдардын эрте курактан өнүгүүсүнө мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү максатын көздөйт.

“Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду 2022-2023-жылдары Нарын облусунда балдардын өнүгүүсүнө аталардын катышуусун жогорулатуу багытында “АтаМЕНен” аталышындагы долбоорун Ага Хан Фонду менен биргеликте жана Канаданын Өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен ишке ашырган. Долбоордун бир компоненти аркылуу 4 пилоттук Айыл Аймактарда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына балдардын өнүгүүсүнө багытталган иш-чараларды камтуу менен жергиликтүү социалдык экономикалык өнүгүү пландарын түзүүгө көмөк көрсөтүлдү. Ар бир айыл аймакта балдарды эрте куракта өнүктүрүүгө багытталган демилгелер долбоор тарабынан гранттык колдоого алынды. Ак-Муз, Учкун , Миң-Булак айылдарында ресурстук борборлор, Казыбек айылында балдар аянты ачылган.