"Роза Отунбаеванын демилгеси" фонду Кыргызстандагы мектеп тамак-ашын оптималдаштыруу программасын ишке ашырууга кошулду
September 5, 2025, 08:34
"Роза Отунбаеванын демилгеси"
эл аралык коомдук фонду Кыргызстандагы мектеп тамак-ашын жакшыртууга
багытталган БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын (ДАП) долбоорун
ишке ашырууга кошулду. 2025-жылдын июль айынан декабрь айына чейин Фонд
мектептерде балдардын тамактануусун коопсуз, сапаттуу жана туруктуу камсыздоого
багытталган демилгелерди иштеп чыгууга жана жайылтууга колдоо көрсөтөт.
Долбоордун максаты — окуу жылынын
жүрүшүндө башталгыч класстын бардык окуучуларын толук кандуу жана коопсуз
тамак-аш менен камсыз кылган, балдардын ден соолугун чыңдоого, билим берүүнүн
сапатын жогорулатууга өбөлгө түзгөн жана санитардык ченемдерге жооп берген
мектептик тамактануу системасын түзүүдө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө көмөк
көрсөтүү.
Долбоорду ишке
ашыруунун алгачкы айларында жумушчу план бекитилип, адистер тобу түзүлүп,
мамлекеттик-жеке өнөктөштүк боюнча эки эксперттин келиши үчүн логистика
уюштурулган.
Жакынкы
мезгилде иш бир нече багытта өнүгөт. Август жана сентябрь
айларында мектептеги тамактанууга арналган эки видеоролик тартылат. Ал эми негизги
иш-чаралардын бири — 15–16-сентябрда өтүүчү «Жаңылыктын жарчысы»
педагогикалык форуму болот. Форумга мектеп директорлорунун жана методисттеринин 200гө жакын орун
басары катышып, жаңы билим берүү стандарттарын, 12 жылдык окутууга өтүүнү,
санариптештирүү багыттарын талкуулашат. Айрыкча менюну калькуляциялоо
программасына өзгөчө көңүл бурулуп, ал мектептерге жергиликтүү продукцияны
пайдалануу менен балансталган меню түзүүгө шарт түзөт («Күндөлүк», АИС «Мугалим»,
«Мектеп инфраструктурасы»). Ошондой эле
форумда билим берүүдө жасалма интеллектти колдонуу, мектеп инфраструктурасы,
мугалимдерди колдоо, баалоонун жаңыланган программалары жана ыкмалары каралат. Бул
иш-чара жаңы окуу жылына даярдыкты күчөтүүгө көмөк көрсөтөт.
Күзүндө
райондордун санитардык-эпидемиологиялык кызматтарынын адистерин окутуу
пландаштырылууда, ага 70ке жакын адам катышып, мектептердеги
санитардык-гигиеналык шарттарды жакшыртууга шарт түзүлөт.
Мындан
тышкары, РайББын учурдагы сатып алуулар тутумуна жана сатып алуулар боюнча КР
ченемдик-укуктук базасына терең талдоо жүргүзүлөт, ошондой эле мектеп тамак-ашы
үчүн азык-түлүк сатып алуу функцияларын райондук билим берүү бөлүмдөрүнөн
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүүнүн максатка
ылайыктуулугу жөнүндө изилдөө жүргүзүлөт.
Долбоор
БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын колдоосу менен ишке ашырылууда. Ал
улуттук азык-түлүк коопсуздугун чыңдоону, мамлекеттик органдардын потенциалын
жогорулатууну, саясатты жана ченемдик базаны өркүндөтүүнү, тамактануунун
инновациялык моделдерин (анын ичинде борборлоштурулган ашканаларды) киргизүүнү,
ошондой эле мектептердин инфраструктурасын жана шарттарын жакшыртууну (суу
менен камсыздоо, санитария жана гигиена) өз милдети катары коёт.
Роза
Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду мектеп тамак-ашын илгерилетүүдө
тажрыйбалуу. 2014-жылы фонд БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы менен
биргеликте мамлекеттик саясатты өркүндөтүү жана мектеп тамак-ашы боюнча
маалымдуулукту жогорулатуу долбоорун ишке ашырган. Бул тажрыйба фондго жаңы
демилгелерге активдүү катышууга шарт түзүп, бүгүнкү күндө мектеп тамак-ашын
оптималдаштыруу боюнча долбоордун негизин жаратты.