Кочкордо Жайлоо өнүктүрүү борборунун расмий ачылышы өттү

June 24, 2025, 11:00

Бүгүн, 24-июнда, Кочкор районунун “Аруузат” жайлоо бала бакчасынын быйылкы сезонунун расмий ачылыш аземи болуп өттү.


Иш-чара улуттук оюндар, кол өнөрчүлүк жана балдардын концерттик программасы менен коштолду.

 “Аруузат” жайлоо өнүгүү борборунун ардактуу конокторунун катарында:

  • Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Лю Цзянпин
  • Нарын облусу менен Кочкор районунун жетекчилери
  • Конфуций институтунун мугалимдери
  • "Роза Отунбаеванын демилгеси" фондунун өкүлдөрү болушту.


Долбоордун максаты — жайлоодо жүргөн балдарга билим алууга жана өнүгүүгө мүмкүнчүлүк берүү. Бул ишке колдоо көрсөткөн ар бир өнөктөшкө ыраазычылык билдиребиз!