Мыкты Жайлоо өнүктүрүү борборлору сыйланды

June 10, 2025, 09:34

2024-жылдагы сезондун мыкты Жайлоо өнүктүрүү борборлорун сыйлоо аземи болуп өттү. Жеңүүчүлөр алдын ала аныкталып, иш-чаранын жүрүшүндө расмий түрдө сыйланышты.


🏆 1-орун — Түп району, «Периште» Жайлоо өнүктүрүү борбору.

Сыйлыгы: темир боз үй.


🥈 2-орун — Базар-Коргон району, «Умсунай» Жайлоо өнүктүрүү борбору.

Сыйлыгы: «Билим сандыгы» (методикалык жана окутуучу материалдар топтому).


🥉 3-орун — Кочкор району, «Аруузат» Жайлоо өнүктүрүү борбору.

Сыйлыгы: 5000 сом.                                                                                                           


Ошондой эле "Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык коомдук фондунун грамоталары менен иште жогорку кесипкөйлүгүн жана активдүүлүгүн көрсөткөн мыкты тарбиячылар белгиленди.


Сыйлоо аземи иш-чаранын өзгөчө шыктандыруучу жана кубанычтуу бөлүгү болуп, мыкты борборлордун эмгеги коомчулукка таанытылды. Алынган сыйлыктар Жайлоо өнүктүрүү борборлорунун мындан аркы иштерин дагы күчөтүүгө өбөлгө болот.