“Аялдар тынчтык тиреги” долбоорунун активисттери тажрыйбалары менен бөлүшүштү

June 10, 2025, 09:12

2025-жылдын 9-июнунда “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду (ЭКФ) ишке ашырып жаткан “Аялдар — тынчтык тиреги” долбоорунун алкагында активист аялдар өздөрүнүн иш тажрыйбалары менен бөлүшүштү.


Иш-чаранын жүрүшүндө Лейлек районунун активисти Камалова Райхан жана Баткен районунун активисти Айчүрөк Матраимова өздөрүнүн жамааттарындагы тынчтыкты жана ынтымакты бекемдөө боюнча аракеттери жана жетишкен жыйынтыктары жөнүндө айтып беришти. Алар чыр-чатактарды алдын алуу, аялдардын катышуусун жогорулатуу жана коомдогу ынтымакты чыңдоо жаатындагы практикалык ыкмаларды бөлүшүштү.


Иш-чаранын алкагында фотокөргөзмө уюштурулуп, долбоордун алкагында ишке ашырылган демилгелер жана жыйынтыктар көрсөтүлдү. Катышуучулар активист аялдар жасаган ийгиликтүү иш-аракеттердин конкреттүү мисалдарын көрө алышты.


“Кыргызстандын жарандык коомунун активдүү аялдар уюмдары тынчтык үчүн” долбоору БУУ-Аялдар түзүмү, “Роза Отунбаеванын демилгеси” ЭКФ жана БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму тарабынан Тынчтыкты куруу Фондунун финансылык колдоосу менен ишке ашырылууда.