“Жайлоо өнүктүрүү борборлорунун” 2025-жылкы сезонунун ачылышына арналган иш-чара өттү
June 9, 2025, 14:27
2025-жылдын 9-июнунда “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду (ЭКФ) тарабынан уюштурулган “Жайлоо өнүктүрүү борборлорунун” 2025-жылкы сезонунун расмий ачылышына арналган иш-чара болуп өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин Мектепке чейинки билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Индира Токонова, Кыргыз инвестициялык-кредиттик банктын өкүлү Болот Жунусов, ошондой эле өлкө боюнча алыскы жана тоолуу аймактарда жайкысын Жайлоо бала бакчаларын иштетип келген тарбиячылар жана педагогдор катышышты.
Роза Кайыкова, “Роза Отунбаеванын демилгеси” ЭКФнын аткаруучу директору, долбоордун алгачкы жылдарында бул демилгенин ийгиликтүү ишке ашарына көпчүлүк ишенбегенин, бирок бүгүнкү күндө ал коомчулук тарабынан жогору бааланып, көп жылдан бери ийгиликтүү иштеп келе жатканын белгиледи. “Быйыл долбоордун алкагында сандан сапатка өтүү, ата-энелерди активдүү тартуу жана балдардын өнүгүүсүнө үй-бүлөнүн салымын арттыруу негизги багытыбыз”-деди Роза Кайыкова.
Жайлоо өнүктүрүү борборлору демилгеси ишке ашырыла баштагандан бери 13 жыл ичинде республика боюнча 30 миңден ашуун бала, 6000 ата-эне жана 1400дөн ашуун педагог камтылды. Долбоордун максаты — калктын аялуу катмары болгон малчылардын балдары үчүн мектепке чейинки билим алууга бирдей мүмкүнчүлүктөрдү түзүү.
КР Агартуу министрлигинин өкүлү Индира Токонова мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүү министрликтин артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгилеп, “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду ишке ашырып жаткан бул демилге министрликтин жалпы максаттарына шайкеш келип, өлкөдөгү балдардын билим алууга жетүүсүн жакшыртууда маанилүү салым кошуп жатканын баса белгиледи.
Болот Жунусов өз сөзүндө фондго терең ыраазычылык билдирип, мындай маанилүү долбоорлордун коомдогу ролун белгиледи.
Иш-чаранын алкагында “Аялдар — тынчтык тиреги” долбоорунун активисттери — Камалова Райхан (Лейлек району) жана Айчүрөк Матраимова (Баткен району) өз тажрыйбалары менен бөлүшүштү.
Шербаева Жыпара, педагогика илимдеринин кандидаты (Ош мамлекеттик педагогикалык университети), арт жана креативдүүлүктүн педагогикалык процесстеги орду жана мугалимдердин компетенцияларын өнүктүрүү боюнча баяндама жасады.
Асылбек Жоодонбекова, билим берүү боюнча эксперт, ата-энелерди Жайлоо өнүктүрүү борборлорунун ишине активдүү тартуу боюнча маалымат берди.
2023-жылдагы “Мыкты Жайлоо өнүктүрүү борбору” сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи жана педагогдор үчүн методикалык жардам көрсөтүүчү семинарлар да иш-чаранын маанилүү бөлүгү болду.
2024-жылы Түркияга тажрыйба алмашуу программасына катышып келген Айымбүбү Айдарова Түркия сапарынын жүрүшүндө алган таасирлери жана практикалары менен бөлүштү.
Түштөн кийинки бөлүктө “Жалгыз терек жоогазындары” Жайлоо өнүктүрүү борборунун тематикалык сабагынын көрсөтмө мастер-классы өттү. Сабакты Жумалиева Касира жана Өмүрканова Айгүл “Улуттук нарк — улуттун жүзү” темасында өткөрүштү.
“Ар бир бала таланттуу” темасында “Чекит” интерактивдүү ыкмасы боюнча мастер-классты Абдраева Назгүл, И. Арабаев атындагы КМУнун мектепке чейинки билим берүү технологиялары кафедрасынын башчысы, өткөрдү.
Психолог Асель Суюмбаева педагогдордун эмоционалдык чарчоосун калыбына келтирүү жана кесиптик чыңалууну алдын алуу боюнча практикалык сессия өткөрдү.
Иш-чаранын соңунда 2024-жылдын “Мыкты Жайлоо өнүктүрүү борбору” сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланып, жаңы сезондун башталышына расмий старт берилди.
Маалымат үчүн:
“Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду билим берүү тармагына өзгөчө көңүл буруп келет. 2012-жылдан бери иштеп келе жаткан “Жайлоо өнүктүрүү борборлору” демилгеси аркылуу бүгүнкү күнгө чейин өлкө боюнча 30 миңден ашуун бала, 6000 ата-эне жана 1500 педагог долбоорго тартылды. Ар жылы тематикалык сынактар өткөрүлүп, жеңүүчүлөргө шыктандыруучу сыйлыктар тапшырылып келет.







