Ата-энелер үчүн пайдалуу жолугушуу Kids Fest фестивалында өттү

June 2, 2025, 07:59

1-июнь күнү Бишкекте өткөн Kids Fest фестивалынын алкагында «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду тарабынан «5 кадам» долбоорунун алкагында ата-энелер үчүн атайын лекция уюштурулду.


Лекциянын негизги максаты — ата-энелерге бала өнүгүүсүнүн эрте курактагы өзгөчөлүктөрү жөнүндө түшүндүрүү берип, алардын ролунун маанилүүлүгүн белгилөө болду. Иш-чаранын лектору, тажрыйбалуу адис жана педагог Элмира Каримова, ата-энелер менен жандуу баарлашуу форматында өз тажрыйбасы менен бөлүшүп, 0–5 жаштагы балдардын ой жүгүртүүсү, эмоционалдык абалы жана ата-энелик колдоонун ролу тууралуу кызыктуу жана практикалык маалыматтарды берди.


Катышуучулар лекцияны кызыгуу менен угуп, суроолорун берип, пайдалуу кеңештерди алышты. Көпчүлүк ата-энелер баланын өнүгүүсүнө арналган мындай форматтагы жолугушууларга муктаж экендиктерин билдиришип, фонддун демилгесине ыраазычылыгын айтышты.


Фонд мындан ары да «5 кадам» долбоорунун алкагында ата-энелер үчүн пайдалуу лекциялар менен жолугушууларды улантууну пландап жатат. Анткени ар бир бала — өзүнчө дүйнө, жана ал дүйнөнү түшүнүүгө жардам берүү ата-энелерге да, коомго да милдет.