Светлая память выдающемуся деятелю культуры Кыргызстана

June 2, 2025, 07:49

“Роза Отунбаеванын демилгеси”эл аралык коомдук фонду маданияттын көрүнүктүү ишмери, кыргыздын материалдык эмес маданий мурасын сактоого жана даңазалоого зор салым кошкон Динара Илимбековна Чочунбаеванын мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгы тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алды.


Динара Илимбековна — таланттуу сүрөтчү, мыкты арт-менеджер, изилдөөчү жана эл аралык деңгээлдеги адис эле. Ал ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастары боюнча эксперти, Кыргыз Республикасынын Сүрөтчүлөр союзунун Башкармалыгынын мүчөсү, Бүткүл дүйнөлүк кол өнөрчүлөр кеңешинин Борбор Азия боюнча вице-президенти (Азия–Тынч океан аймагы, 2012–2016-жылдары), ошондой эле учурда Борбор Азия элдеринин салттуу кол өнөрчүлүгүн колдоо ассоциациясынын жетекчиси жана «Оймо» фестивалынын башкы директору болчу.


Ал кыргыз элинин маданий салттарын сактап калууга жана дүйнөлүк деңгээлде таанытууга баа жеткис салым кошту. Анын демилгеси жана тынымсыз аракети менен кол өнөрчүлөрдүн «Оймо» фестивалы өлкөнүн эң маанилүү маданий иш-чараларынын бири болуп калды.


Фонд үчүн Динара Илимбековна жөн гана өнөктөш эмес, бир катар маанилүү демилгелердин шыктандыруучусу жана ишке ашыруучусу болгон. Анын жетекчилиги астында уюштурулган «Энесин көрүп кызы өсөт» аттуу көргөзмө кыргыз аялдарынын кол өнөрчүлүк салтын даңазалаган өзгөчө долбоор катары эсте калды.


Ошондой эле ал «Илимдеги кыздар» долбоорунда ментор катары иш алып барып, өзүнүн терең тажрыйбасы жана билими менен жаш муунду шыктандырып келген.


Анын маданиятка болгон берилгендиги, кесипкөйлүгү, терең билими жана адамдык сапаттары биздин эсибизде түбөлүккө сакталат.


Динара Илимбековнанын үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.


«Роза Отунбаеванын демилгеси»
Эл аралык коомдук фонду