Пациент бөбөктөргө Айтматовду окуп беребиз

December 4, 2013, 06:00

4-декабрда «Айтматовду окуйбуз» акциясынын алкагында Энени жана баланы коргоо улуттук борборунда иш-чара өттү. Телекөрсөтүүнүн алып баруучусу Гульзат Мадралиева балдарга Ч. Айтматовдун «Ак кеме» чыгармасынан үзүндүлөрдү окуп берди.


Эске сала кетсек, 2013-жылдын 2–8-декабрында «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Гуманитардык кызматташтыктын мамлекеттер аралык фонду (ГКМФ) менен бирдикте «Айтматовду окуйбуз» жумалыгын өткөрүп жатат. Жумалыктын алкагына республиканын мектептеринде, колледждеринде, китепканалардын балдар жана өспүрүмдөр залдарында, музейлерде, айылдык клубдарда, ооруканалардын балдар бөлүмдөрүндө китеп окуу өтөт. Чыңгыз Айтматов Кыргызстанда жашаган ар кыл элдердин тилдеринде жаңырат. Айтматовдун чыгармаларын окуу процессин уюштурууга көп сандаган өнөктөрүбүз – мугалимдер, мектептердин директорлору, көркөм чыгармаларды окутуучулар, артисттер, жазуучулар, журналисттер, театр ишмерлери, медиктер, өз шаарындагы, айылындагы, районундагы, облусундагы урматтуу, кадыр-барктуу адамдар тартылган.

 

«Айтматовду окуйбуз» жумалыгына ар бир мектеп, ал бир класс катыша алат, анткени Айтматовдун китептери биздин руханий калыптануубуздун жана өсүшүбүздүн негизи болуп келген жана ошондой бойдон кала берет.