Кыргызстандын жарандык коомундагы жигердүү аялдар тынчтык үчүн - Аялдар-тынчтык тиреги долбоордун алкагында Баткенде көп тараптуу диалог өттү

April 30, 2025, 06:24

2025-жылдын 29-апрелинде Баткен шаарында , “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду,БУУнун Аялдар түзүмү (UN Women), БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба Программасы, жергиликтүү өнөктөштөр, жана Кыргыз Республикасынын Жогорку  Кеңешинин Төрагасына караштуу аялдардын, балдардын укуктары жана гендердик теңчилик маселелери боюнча Кеңештин иш планынын алкагында жана БУУнун Тынчтыкты орнотуу фондунун колдоосу менен “Кыргызстандын жарандык коомундагы жигердүү аялдар тынчтык үчүн - Аялдар-тынчтык тиреги” долбоорунун алкагында көп тараптуу диалог болуп өттү. Иш-чараныны максаты- аталган долбоорунун (2023–2025) алкагында жетишилген ийгиликтерди белгилөө жана аялдар жетектеген тынчтык жана климат демилгелерин кеңейтүү үчүн жаңы багыттарды аныктоо.


Диалогго Жогорку Кеңештин депутаттары, Баткен облусунун мамлекеттик администрациясы, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, аялдар жарандык коом уюмдары жана активисттер катышып, жетишкендиктерди талкуулашты. Иш-чара алкагында Жергиликтүү аялдардын экономикага кошкон салымдарын көрсөтүү максатында ишкер аялдардын жарманкеси,жамаат тарабынан тартылган видеоматериалдар жана сүрөттөр аркылуу климат жана тынчтык маселелерине жергиликтүү чечимдерди таанытуу,панелдик талкуулар,биргелешкен пландоо сессиясы өттү. Ошондой эле коомчулуктун туруктуулугун белгилөө үчүн символикалуу дарак отургузуу аземи жана аялдар жетектеген бала бакча жана климатка адаптация инфраструктурасы менен таанышуу өттү.


“Кыргызстандын жарандык коомундагы жигердүү аялдар тынчтык үчүн - Аялдар-тынчтык тиреги ” долбоору аялдардын жарандык коом уюмдарынын институционалдык мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатып, жергиликтүү бийлик органдары менен өнөктөштүктү бекемдеди жана климаттык өзгөрүүлөрдөн улам чыккан маселелерди чечүү үчүн социалдык инновацияларды пилоттук негизде ишке ашырды.


Бул диалог Баткен облусунун жетишкендиктерине таянып, аялдардын Кыргызстан боюнча тынчтыкты чыңдоо жана климат маселелерин чечүү боюнча лидерлигин улантууга улуттук деңгээлде колдоо көрсөтүү максатын көздөйт.


"Кыргызстандын жарандык коомунун активдүү аялдар уюмдары тынчтык үчүн" долбоору "БУУ-Аялдар" түзүмү, "Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык коомдук фонду жана БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму тарабынан Тынчтыкты куруу Фондунун финансылык колдоосу менен ишке ашырылууда.