Жылдыздар балдарга китеп окуйт: Христина Севостьянова борбордогу №25-мектептин окуучуларына жомок окуп берди
April 23, 2025, 09:55
Бишкек шаарындагы №25 мектепте «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду уюштурган «Жылдыздар балдарга китеп окуйт» акциянын алкагында А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрынын солисткасы Христина Севостьянова болду.
Алгач конок окуучулар үчүн музыкалык чыгарма аткарып, андан соң атактуу Хуан Мулан тууралуу жомокту окуп берди. Христина Севостьянованын көркөм окуусу аркылуу кайраттуу жана тайманбас баатыр кыздын образы жанданып, балдарга терең таасир калтырды.
Жолугушуунун соңунда Христина Севостьянова балдарды Мулан сыяктуу кайраттуу, өзүнө ишенген жана кыйынчылыктан коркпогон инсандар болууга чакырды.
Жылдыздар балдарга китеп окуйт» — бул балдарга китеп окуу кызыктуу жана маанилүү экенин көрсөтүүнү максат кылган демилге. Сүйүктүү артисттер окуган жомоктор менен окуялар жанданып, балдардын жүрөгүндө түбөлүккө сакталып калат.
“Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду Христина Севостьяновага жана №25 мектептин администрациясын ыраазычылыгн билдирет.