«Айтматовду окуйбуз» акциясы: Арчалы айылындагы Самсалиев атынджагы орто мектеп

December 2, 2013, 06:00

Бүгүн, 2-декабрде, бүткүл республика боюнча масштабдуу акция -«Айтматовду окуйбуз» жумалыгы башталды. КР Экс-президенти Р.И.Отунбаева Чыңгыз Айтматовдун туугандары менен бирге Арчалы айылындагы Самсалиев атындагы орто мектептеги иш-чарага барды, ал жерде балдар Айтматовдун чыгармаларынан үзүндүлөрдү окуду.

 

Эске сала кетсек, 2013-жылдын 2–8-декабрында «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Гуманитардык кызматташтыктын мамлекеттер аралык фонду (ГКМФ) менен бирдикте «Айтматовду окуйбуз» жумалыгын өткөрүп жатат. Жумалыктын алкагына республиканын мектептеринде, колледждеринде, китепканалардын балдар жана өспүрүмдөр залдарында, музейлерде, айылдык клубдарда, ооруканалардын балдар бөлүмдөрүндө китеп окуу өтөт. Чыңгыз Айтматов Кыргызстанда жашаган ар кыл элдердин тилдеринде жаңырат. Айтматовдун чыгармаларын окуу процессин уюштурууга көп сандаган өнөктөрүбүз – мугалимдер, мектептердин директорлору, көркөм чыгармаларды окутуучулар, артисттер, жазуучулар, журналисттер, театр ишмерлери, медиктер, өз шаарындагы, айылындагы, районундагы, облусундагы урматтуу, кадыр-барктуу адамдар тартылган.

 

«Айтматовду окуйбуз» жумалыгына ар бир мектеп, ал бир класс катыша алат, анткени Айтматовдун китептери биздин руханий калыптануубуздун жана өсүшүбүздүн негизи болуп келген жана ошондой бойдон кала берет.