Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү үчүн жогорку натыйжалуу көп тараптуу өнөктөштүктөрдү түзүү боюнча тренинг өттү
7 апреля 2025 г. в 06:31
2025-жылдын 5-6-апрелинде Бишкекте “Туруктуу өнүгүүнүн максаттарына жетүү үчүн жогорку натыйжалуу көп тараптуу өнөктөштүк мамилелерди түзүү" темасында эки күндүк тренинг болуп өттү.
Иш-чарага Баткен жана Лейлек мамлекеттик администрацияларынын өкүлдөрү, пилоттук айыл аймактарынын башчылары, жергиликтүү кеңештердин депутаттары жана "Аялдар-тынчтык тиреги" долбоорунун активисттери катышты. Тренингдин максаты Туруктуу өнүгүүнүн максаттарына жетүү үчүн көп тараптуу өнөктөштүктү түзүүнүн принциптерин жана механизмдерин үйрөнүү, ошондой эле катышуучуларда өнөктөштүк процесстерди башкаруу жана координациялоо көндүмдөрүн өнүктүрүү болду.
Тренингдин расмий ачылышы жана аякташы "Роза Отунбаеванын демилгеси" ЭКФнын аткаруучу директору Роза Кайыкованын жана БУУнун Кыргызстандагы аялдар өкүлчүлүгүнүн башчысы, доктор Сайед Садык мырзанын кайрылуу сөздөрү менен коштолду.
Эки күндүн ичинде катышуучулар туруктуу өнүгүүнүн максаттарына жетүү үчүн көп тараптуу өнөктөштүктүн ролун жана маанисин терең изилдеп, натыйжалуу өз ара аракеттенүү принциптерин өздөштүрүштү жана аларды практикада колдонууну үйрөнүштү. Алар туруктуу өнөктөштүктү куруу жана өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыгышты, ошондой эле бардык кызыкдар тараптар менен конструктивдүү диалог жүргүзүү көндүмдөрүн үйрөнүштү.
Тренингди философия илимдеринин кандидаты, профессор, КР Президентине караштуу Мамлекеттик Башкаруу академиясынын проректору, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, гендердик саясат жана инсандык өсүү жаатындагы эксперт Арапова Эльмира Байышевна өткөрдү.
Катышуучулар өнөктөштүктүн алкагында өз ара аракеттенүүнүн практикалык аспектилерине сүңгүп кирүү мүмкүнчүлүгү үчүн ыраазычылыктарын билдиришти жана жергиликтүү деңгээлде кызматташтыкты бекемдөө үчүн мындай окутуу иш-чараларынын маанилүүлүгүн баса белгилешти. «Аялдар – тынчтык тиреги» долбоору БУУнун Тынчтык куруу фонду тарабынан колдоого алынып, «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду, БУУ Аялдар жана БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму тарабынан ишке ашырылууда.