Баткен облусунун лидер айымдары “Роза Отунбаеванын демилгеси” Фондунун жамааты менен жолугушту
4 апреля 2025 г. в 09:39
Бүгүн, 2025-жылдын 4-апрелинде "Аялдар – тынчтык тиреги" долбоорунун пилоттук райондорунан келген айымдар "Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык коомдук фондунун жамааты менен жолугушту. Фонддун директору Роза Кайыкова Баткен облусунун Баткен жана Лейлек райондорунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттары, райондук администрация башчыларына “Роза Отунбаеванын демилгеси” Фондунун ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берип,анын негизги багыттары жана коомдук өнүгүүгө кошкон салымы тууралуу айтып берди. Ошондой эле, Фонддун командасы менен тааныштырып, алардын иш-аракеттери жана долбоорлор боюнча маалымат берди.
Жергиликтүү лидер айымдар долбоордун алкагында алган тажрыйбалары жана келечектеги максаттары тууралуу ой бөлүшүп, "Роза Отунбаеванын демилгеси" фондуна колдоосу үчүн ыраазычылык билдиришти. Алар Фонддун тынчтыкты жана коомдук өнүгүүнү колдоо боюнча жасап жаткан иштери өзгөчө мааниге ээ экенин белгилешип, ийгиликтерди каалашты. Жолугушуунун жыйынтыгында катышуучуларга долбоордун атынан белектер тапшырылды.
«Аялдар – тынчтык тиреги» долбоору БУУнун Тынчтык куруу фонду тарабынан колдоого алынып, «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду, БУУ Аялдар жана БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму тарабынан ишке ашырылууда.