"Илимдеги кыздар" долбоорунун башкы донорунун келишине даярдык

January 30, 2025, 11:11

Бүгүн,2025-жылдын  30-январында "Илимдеги кыздар" долбоорунун башкы донорунун келишине карата даярдык көрүү жана иш-сапардын программасы менен тааныштыруу жана алдын ала даярдык көрүү максатында жолугушуу өттү.


Долбоордун донору программанын жыйынтыгы менен танышуу үчүн Кыргызстанга иш-сапары менен март айында келүүсү пландалууда. Кочкор районундагы Н.Жүндүбаева  атындагы жана И.Арабаев атындагы орто мектептеринин директорлору, Кочкор районунун билим берүү бөлүмүнүн  адиси, ошондой эле Аламедин районундагы Арашан айылындагы Стрельникова жана Ысык-Ата районундагы Я.Я.Ваккер атындагы орто мектептеринин директорлору долбоордун натыйжалуулугу тууралуу айтып беришти.