Билим берүүнүн жыйынтыктарын жакшыртууда системалык мамиле(SABER) – Кыргызстанда мектеп тамак-ашы боюнча семинар ийгиликтүү аяктады
October 28, 2024, 09:552024-жылдын 21-24-октябрында Чок-Тал айылында мектеп тамак-аш маселелерине арналган семинар болуп өттү. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы тарабынан "Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык коомдук фонду менен өнөктөштүктө уюштурулду. Семинар мамлекеттик мекемелердин, жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрүн, эл аралык уюмдарды жана эксперттерди Кыргызстандагы мектеп тамак-аш системасын талкуулоо жана жакшыртуу үчүн бириктирди.
Семинардын максаты – билим
берүүнүн жыйынтыктарын жакшыртууда системалык мамилени (SABER) колдонуу
аркылуу улуттук мектеп тамак-аш программасынын потенциалын күчөтүү болуп саналат. Иш-чаранын алкагында
катышуучулар учурдагы абалды, негизги көйгөйлөрдү аныктап, жакшыртуу үчүн
конкреттүү сунуштарды иштеп чыгышты.
Семинардын негизги жыйынтыгы SABER изилдөөсүнүн жыйынтыктарын талкуулоо болду, анда катышуучулар мектеп тамак-аш системасынын абалын анализдеп, негизги кемчиликтерди аныкташты. Катышуучулар мектептердеги сапаттуу тамактануу окуучулардын окуудагы жетишкендиктерин жана жалпы жыргалчылыгын жакшыртууда маанилүү роль ойноорун белгилешти.
Семинардын алкагында топтор төмөнкү багыттар боюнча иш алып барышты: "Саясат жана укуктук база", "Каржылык мүмкүнчүлүктөр", "Институционалдык мүмкүнчүлүктөр жана координация", "Программаны долбоорлоо жана ишке ашыруу", ошондой эле "Жамааттардын жана жеке сектордун ролу". Бул топтор программанын натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча деталдуу сунуштарды иштеп чыгышты. Негизги көңүл туруктуулукка, мониторингди жакшыртууга жана каржылоону күчөтүүгө бурулду. Мындан тышкары, катышуучулар мектеп тамак-ашын жакшыртуу боюнча чечимдерди жана пландарды сунушташты. Аныкталган көйгөйлөргө жараша конкреттүү чаралар сунушталып, демилгелерди ишке ашыруу үчүн мекемелер аралык кызматташтыктын маанилүүлүгү белгиленди.
Семинардын акыркы күнүндө беш негизги багыт боюнча иш-чараларды камтыган деталдуу иш-план иштелип чыкты. Анын ичинде инфраструктураны жакшыртуу, персоналды окутуу, ошондой эле мектеп тамак-аш программасына жергиликтүү коомчулуктун активдүү катышуусун камсыз кылуу кирди.
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим
министрлиги, БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын өкүлдөрү жана "Роза Отунбаеванын
демилгеси" эл аралык коомдук фонду бардык катышуучуларга алардын активдүү
катышкандыгы жана жемиштүү
иши үчүн ыраазычылык билдиришти. Семинардын жыйынтыктары жана кабыл алынган
сунуштар өлкөдөгү мектеп тамак-ашын туруктуу жакшыртууга багытталган маанилүү
кадам болору баса белгиленди.Семинардын жыйынтыктары улуттук мектеп тамак-аш
программасына интеграцияланат. Ал эми кабыл
алынган чаралардын тизмеги
анын натыйжалуулугун жогорулатууга жана Кыргызстандын мектеп окуучулары үчүн
мыкты тамактанууну камсыздоого мүмкүндүк берет.