AGECS программасынын алкагындагы долбоору жыйынтыкталды

October 25, 2024, 09:26

2024-жылдын 25-октябрында Бишкекте «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ  тарабынан Канада өкмөтүнүн жана Кыргызстандагы Ага Хан Фондунун колдоосу астында «Жарандык коом аркылуу гендердик теӊ укуктуулукту илгерилетүү» аймактык программасынын алкагында  ишке ашырылып жаткан «Ата Менен» долбоорунун жыйынтыктоочу иш-чарасы болуп өттү. Жолугушууга жетишилген  жыйынтыктарды белгилөө жана туруктуу өнүгүүнүн артыкчылыктарын талкуулоо үчүн мамлекеттик жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү, долбоордун катышуучулары жана өнөктөштөрү чогулушту.


«Роза Отунбаеванын Демилгелери» Эл аралык коомдук фондунун аткаруучу директору  Р.Ж. Кайыкова конокторду учурашуу сөзү менен тосуп алды жана долбоордун үй-бүлөлүк баалуулуктарды илгерилетүүдөгү маанилүүлүгүн баса белгилеп буларга токтолду: «Ата Менен» долбоору Фонддун эрте жаш курактагы балдарды өнүктүрүүгө багытталган көп жылдык аракеттерин улантты. Биз эркектерди тарбиялоого тартуу жана ар бир ата-эне үчүн теӊ укуктуу шарттарды түзүү канчалык маанилүү экендигин көрүп жатабыз. Кыргызстандагы бардык балдар үчүн гармониялуу келечекти түзүү үчүн бул багыттагы аракеттерди улантуу жана өнүктүрүү зарыл».


Ага Хан Фондунун өкүлү Мухаммед Шах Хан дагы буларды белгиледи: «Бул долбоор ар түрдүү маданияттарды, ландшафттарды жана социалдык түзүмдөрдү  камтыйт. Бирок биздин жумушубуздун негизи өзөгү мурдагыдай эле теӊ укуктуулук  жергиликтүү жамааттарда өз ордун тереӊ  табуусуна умтулуу болуп эсептелет. Кыргызтан дагы четте калбайт».


«Роза Отунбаеванын Демилгелери» ЭКФ  тарабынан долбоордун координатору Азамат Алагоз уулу жана АДКА уюмунан координатор Рахат Маматокторов долбоордун жетишкендиктери менен тааныштырышты. Презентацияларда жыйынтыктар, ошондой эле катышуучулардын ийгиликтүү бейнелери чагылдырылды.


Катышуучулар панелдик талкуунун алкагында  гендердик теӊ укуктуулукту илгерилетүүгө жана аталарды балдарды тарбиялоо процессине тартууга байланыштуу актуалдуу суроолорду талкуулашты. Талкуунун катышуучуларынын арасында болушту: Назгүл Турдубекова – «Балдардын укуктарын коргоочулардын лигасы» КФ директору, Асель Джакыпбекова – «Роза Отунбаеванын Демилгеси» ЭКФ билим берүү программаларынын координатору, Асылбек Жоодонбеков – билим берүү боюнча эксперт, Улан Мамбетакунов – музыкалык-педагогикалык институттун директору.


Байыш Абдыбеков, «Ата Менен» долбоорунун катышуучусу, Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ак-Муз айылынын жашоочусу буларды белгилеп өттү: "Ата Менен" долбоорунун негизинде мен өзүмдүн жубайыма активдүү жардам берем жана ал тургай өзүмдүн инилеримди өз жубайларына жардам берүүгө мажбурлайм. Бул биздин үй-бүлөлөрдү бир гана бекемдебестен, ошондой эле биздин баарыбыздын ата жана күйөө катары мыкты болуубузга жол ачат».


«Ата Менен»  долбоору 2022-жылдын апрелинен 2024-жылдын апрелине чейин Ата-Хан Фонду жана «Роза Отунбаеванын Демилгелери» Эл аралык коомдук фонду тарабынан Айылдык ден соолук комитеттери ассоциациясы менен өнөктөштүктө Ат-Башы жана Нарын райондорунда Канада өкмөтүнүн каржылык колдоосу алдында ишке ашырылды.


Долбоорду ишке ашырууда жергиликтүү жамааттардын арасында балдарды тарбиялоодо аталардын катышуусунун оӊ тажрыйбасын жайылтуу боюнча иш-чаралар өткөрүлдү. Төрт айылдык райондордо жалпысынан бир миллион эки жүз миӊден ашык суммага жергиликтүү демилгелер колдоого алынды, мунун натыйжасында эки ресурстук борбор, бир билим берүүчү борбор жана бир балдар аянтчасы түзүлдү. Пилоттук райондордогу 2000дей ата-энелер жана жашоочулар бөбөктөрдүн, өспүрүм кыздардын жана репродуктивдик жаш-курактагы аялдардын тамактануусунун өзгөчөлүктөрү, баланы багуудагы атанын ролу, балдарды төрөлгөндөн  баштап, 6-7 жашка чейинки өнүктүрүү сыяктуу темалар боюнча билимдерди ала алышты.