Ош шаарында «Гендер, тынчтыкты орнотуу жана социалдык биримдик – жамааттардын өнүгүүсүнүн негизи» тренинги болуп өттү
September 29, 2024, 08:352024-жылдын 26-сентябрынан
28-сентябрына чейин Ош шаарында «Кыргызстандын жарандык коомунун активдүү
аялдар уюмдары тынчтык үчүн» долбоорунун алкагында «Гендер, тынчтыкты орнотуу жана социалдык биримдик – жамааттардын
өнүгүүсүнүн негизи» тренинги болуп өттү. Тренингге активисттерди,
депутаттарды жана жаштар лидерлерин кошкондо 33 адам катышышты.
Иш-чаранын максаты: гендердин, климатттык
коопсуздуктун жана тынчтыкты орнотуунун бири-бири менен өз ара байланыштуулугу
жөнүндө маалыматтуулукту жогорулатуу, ошондой эле климаттык өзгөрүүлөрдү
башкарууга гендердик саясатты интеграциялоо жана жамааттарды мобилизациялоо
боюнча көндүмдөрдү өстүрүү.
Программа БУУнун Күн тартибине ылайык аялдардын көйгөйлөрү, тынчтык жана коопсуздук ,
гендердик тобокелчиликтерге талдоо жүргүзүү, тынчтыкты орнотуудагы аялдардын
ролу, климаттын өзгөрүүсүнүн коопсуздукка тийгизген таасири, ошондой эле
социалдык биримдик туруктуу өнүгүүнүн негизи катары темаларын камтыды.
Катышуучулар күн тартибиндеги бул
темаларды ишке ашырууну аймактык өзгөчөлүктөрүн
климаттын өзгөрүүсүнө байланыштуу
тобокелчиликтер жана аларды жоюу стратегияларын талкуулашты. Алар аялдарды чечим
кабыл алуу процессине тартууга өзгөчө көӊүл буруу менен, климаттык өзгөрүүлөргө
туруктуулукту жогорулатуу жана адаптациялануу пландарын иштеп чыгышты.
Негизги жетишкендиктер:
• Жергиликтүү бийлик органдарынын жана аялдар уюмдарынын ортосундагы өз ара аракеттенишүүнү күчөтүү;
• Гендердик жана климаттык
аспектилерди камтыган аракеттер пландарын иштеп чыгуу;
• Аялдардын жана жаштардын
климаттын өзгөрүүсүнө
адаптациялануу долбоорлоруна активдүү
катыштыруу.
Ошондой эле аялдардын катышуусуна
тоскоолдук кылган салттык жана маданий ченемдер сыяктуу тоскоолдуктар,
ресурстардын жетишсиздиги жана калк арасындагы мотивациялоонун жетишсиздиги
талкууланды.