"Аялдар – тынчтык тиреги" долбоорунун алкагында эки күндүк окутуу өттү.

October 22, 2024, 07:20

2024-жылдын 19-20 октябрында— Баткен жана Лейлек райондорунун 9 айыл өкмөтүнүн активдүү тургундары үчүн "Аялдар – тынчтык тиреги" долбоорунун алкагында эки күндүк окутуу өткөрүлдү. Окутуу климаттын өзгөрүүсү, гендердик маселелер, эл алдында эркин сүйлөө жана социалдык тармактарды иштетүү темалары боюнча өтүп, катышуучуларга ар тараптуу билим жана практикалык көндүмдөрдү берүүгө багытталган.  


Тренинг Баткен шаарындагы Салам Медианын тажрыйбалуу адистеринин жетекчилиги менен уюштурулду. Бул иш-чара жергиликтүү коомчулуктун лидерлеринин жана активисттеринин потенциалын арттырууга, ошондой эле тынчтыкты орнотууда жана социалдык көйгөйлөрдү чечүүдө алардын таасирин күчөтүүгө багытталган. 


 Тренингдин жүрүшүндө алынган көндүмдөр айыл тургундарынын жергиликтүү коомдогу активдүү ролун бекемдөөгө жана туруктуу өнүгүүгө салым кошууга жардам берет. 


"Аялдар – тынчтык тиреги" долбоору БУУнун Тынчтык куруу фонду тарабынан колдоого алынып, "Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык коомдук фонду, БУУ Аялдар жана БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму тарабынан ишке ашырылууда.