«Жибек жолу» интерактивдик көргөзмөсү. Жыйынтыктоочу отчет.

October 19, 2024, 21:48

«Роза Отунбаеванын Демилгеси» Эл аралык коомдук фонду «Кийиз Дүйнө» коомдук фонду менен биргеликте 2019-жылдын 5-апрелинен 28-апрелине чейин Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейинде мектепке чейинки жана мектеп жаш курагындагы балдарга, алардын ата-энелерине, ошондой эле шаардыктарга жана шаардын конокторуна багытталган «Жибек Жолу» интерактивдик көргөзмөсүн өткөрдү.      

  

Иш-чаранын идеясы – келген көрүүчүлөргө интерактивдик усулдарды колдонуу менен Улуу Жибек жолунун тарыхын көрсөтүү. Өлкөлөрдү жана элдерди бириктирген байыркы магистралдын заманбап макамын жана артыкчылыктарын көрсөтүү. Бул өз кезегинде, бири-бирин сыйлоого, достукту бекемдөөгө, соода-сатык жүргүзүү жана туризм жаатында ийгиликтүү кызматташууга жол ачат.  


Балдарга Кыргызстан жана башка өлкөлөр – алардын географиясы, маданияты, салттары жана адаттары  жөнүндө айтып берүү абдан маанилүү. Балдар бир гана китептер менен чектелип калбашы керек. Алардын өз көздөрү менен көрүп, колдору менен кармап алган билимдери өмүр бою эстеринде калат.  Тактап айтканда, көргөзмөгө келген көрүүчүлөр Улуу Жибек-жолундагы өлкөлөр, алардын био ар түрдүүлүгү, суу ресурстары жана пайдалуу кен байлыктары, бул өлкөлөрдүн маданияты жана этностору, салттык кийимдери, татымалдары, балдар оюндары, ырлары жана бийлери жөнүндө негизги маалыматтарды ала алышты.     


Интерактивдүү көргөзмөнүн максаттары жана милдеттери:

-  балдарды жана ата-энелерди Улуу Жибек-жолунун өлкөлөрүнүн тарыхы жана маданияты менен тааныштыруу;

-   балдардын геосаясаттын негиздери чөйрөсүндө билимдерин калыптандыруу;

- балдардын жана жаштардын арасында маданият аралык сүйлөшүүнү жана маданий ар түрдүүлүктү илгерилетүү;

-   музейлерге балдар менен иштөө жаатындагы жаӊы элементтерди киргизүү;

-   музейлик көргөзмө – билим берүү системасындагы курал катары (тарых, сүрөт тартуу, прикладдык искусство сабактарына ж.б.)


Болуп өткөн көргөзмө, келген катышуучулардын ой пикирлери жөнүндө төмөндө тиркелген документтеги жыйынтыктоочу отчеттун беттеринен биле аласыздар,  ошондой эле майрамдык маанайды эске алып жана сезе аласыздар.