БУУ Афганистандын бийлигинен кыздардын билим алуусуна тыюу салууну жокко чыгарууну талап кылды

October 11, 2024, 23:05

Афганистанга көмөктөшүү боюнча миссия (UNAMA) Афганистандын Ислам эмиратынын бийлигин жаш курагы 12 жаштан ашкан кыздарга карата билим алууга тыюу салган саясатты кайра карап чыгууга чакырды.  


БУУнун Башкы катчысынын  Атайын өкүлү жана UNAMA башчысы Роза Отунбаева жума күнү бүткүл дүйнө жүзү боюнча белгиленүүчү 11-октябрь – Эл аралык кыздар күнүнө карата расмий кайрылуусун жасады.    


"Афганистанда биз бул маанилүү күндү өтө чоӊ кайгыруу менен белгилейбиз, себеби бийликтегилер жаш курагы 12 жаштан ашкан кыздарга билим алууга тыюу салгандан бери 1120 күн өттү. Бул миллиондогон кыздар үчүн гана эмес, ошондой эле алардын үй-бүлөлөрү жана өлкө үчүн дагы колдон чыгарылган мүмкүнчүлүктөр болуп саналат», - деп айтты Отунбаева.


«Күн сайын аялдардын жана кыздардын жашоосуна көптөгөн зыяндар келтирилүүдө. Афганистан өзүнүн тынчтыкка, калыбына келтирүүгө жана өнүгүүгө карай умтулуусунда алдыга карай эмес, артка карай жылууда», - деп баса белгиледи UNAMA башчысы.


«Мен бул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып бийликтегилерди дагы бир жолу багытты өзгөртүүгө чакырам. Ошондой эле Афганистандын аялдарына жана кыздарына, ал тургай башкалар аларды унчукпоого мажбурлап жаткан учурда дагы, аларды коргоону токтотпойбуз деп сөз берем», - деп билдирди БУУнун Башкы катчысынын Атайын өкүлү.  


РИА НОВОСТИ