Эл аралык кыздар күнүнө карата “Кыздар көздөгөн келечек” иш-чарасы өттү

October 11, 2024, 17:13

“Роза Отунбаеванын демилгеси” фонду, “Балдарды коргоо борбору”, БААУ алдындагы Техникалык колледжи, Кыргызстандагы Enactus уюму жана БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) Кызыл-Кия шаарында Эл аралык кыздар күнүнө карата “Кыздар көздөгөн келечек” иш-чарасын уюштурду.

 

Технологиянын өңүгүү доорунда илим, техника, инженерия жана математика (STEM) тармактарында билим алуу керектиги өтө чоң. Биздин иш-чара жаш муундарды жана алардын ата-энелерин STEM тармагында өңүгүүсүң колдоо жана шыктандыруу максатын көздөйт. Ошол эле учурда бул иш-чара тең мүмкүнчүлүктөр жөнүндө өспүрүм кыздардын билимин арттырат. Иш-чарага 9 мектептин 200 өспүрүмдөрү, алардын ата-энелери, Кызыл-Кия шаарынын мэри жана ЮНИСЕФ өкүлдөрү чакырылган.

 

Фестивалдын ачылышында Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асель Чынбаева, ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн орун басары Кристина Бруджиоло жана Кызыл-Кыя шаарынын мэри Асылбек Маткалыков сөз сүйлөштү.

 

Асел Чынбаева өз сөзүндө кыздар – бул келечек гана эмес, алар – бүгүнкүбүз, биздин милдетибиз – аларга күчтүү жана көз карандысыз инсандар катары өсүп-өнүгүүгө мүмкүнчүлүк берүү экендигин белгиледи.

 

«Кызыл-Кия жана бүтүн Кыргызстандагы кыздардын күчүн жана дараметин даңазалоо - биз үчүн чоң сыймык. ЮНИСЕФ бул Эл аралык кыздар күнүндө сизди колдоого сыймыктанат.


Бул жылдын темасы «Кыздар көздөгөн келечек» - маанилүү чындыкты эске салат: кыздардын үнү жана кыялдары маанилүү», -дейт Кристина Бруджиоло.


Иш-чарада коноктор ойлоп табуулардын көргөзмөсүнө барып, химиялык жана физикалык эксперименттерге, интерактивдүү оюндарга жана концертке катышты. Фестивалдын салтанаттуу ачылыш аземинде Эл аралык кыздар күнүнө карата Кыздар укуктарына байланыштуу кыздар атынан кайрылуу окутулду.

 

«Бул күн биздин келечегибиз биздин колубузда экенин эскертет. Бири-бирибизди колдойлу. Кыздардын келечекке болгон көз карашы - бул үмүт менен, өзүбүзгө жана өзүбүздүн күчтүү жактарыбызга ишеним менен кароо» , - дейт Арстанбекова Миридиана, Карбышев атындагы №1 орто мектебинин 9 классынын окуучусу.

 

Бул иш-чара “Илимдеги кыздар” долбоорунун алкагында уюштурулду.Кыздар жана балдар илим, техника, инженерия жана математика (STEM) тармактарында ийгиликке жете алышы үчүн алардын укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган “Илимдеги кыздар” программасы киргизилген.