«Чүй облусунун үч айыл өкмөтүндө жана Токмок шаарында үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо комитеттеринин мүчөлөрүнүн гендердик сезимталдуугун жогорулатуу» долбоорунун жыйынтыктары чыгарылды

October 3, 2024, 07:09

2024-жылдын 30-сентябрында Бишкекте «Чүй облусунун үч айыл өкмөтүндө жана Токмок шаарында үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо комитеттеринин мүчөлөрүнүн гендердик сезимталдуугун жогорулатуу» долбоорунун жыйынтыктарына арналган тегерек стол болуп өттү. 


Иш-чарага КР Жогорку Кеӊешинин депутаты Динара Ашимова, КР ЭСКММ Гендердик саясат жана үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо боюнча чечимдерди даярдоо бөлүмүнүн башчысы Гульмира Окоева, КР Президентинин Чүй облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлү Гульмира Кыштобаева, Чүй облустук ИИБ башчысынын орун басары, милициянын полковниги Муратбек Абдылдаев, Кыргызстандагы АКШ Элчилигинин өкүлү Жазгуль Туменова, комитеттерде иштеген активисттер, ошондой эле адам укуктарын коргоо жана гендердик суроолор чөйрөсүндөгү эксперттер катышты. Талкуулардын алкагында жергиликтүү комитеттердин үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуудагы ролуна тиешелүү негизги суроолор, активисттер жер-жерлерде туш болуп жаткан көйгөйлөр жана зомбулуктун жабырлануучуларын коргоо үчүн профилдик министрликтер жана ведомстволор тарабынан көрүлүп жаткан чаралар талкууланды.      


Өзгөчө көӊүл комитеттер зомбулук фактыларына кандайча натыйжалуу чара көрүшсө боло тургандыгына жана анын алдын алуу үчүн калк менен кантип кызматташса боло тургандыгына бурулду.  


2024-жылдын октябрь айынан июнь айына чейин ишке ашырылган Чүй облусундагы үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо комитеттеринин гендердик сезимталдуулугун жогорулатуу бюнча долбоор Токмок шаарын, Ивановка, Байтик жана Беловодск айыл өкмөттөрүн камтыды. Долбоордун алкагында кмитеттердин ишмердүүлүгүн жакшыртууга багытталган окутуу семинарлары өткөрүлдү, ошондой эле Токмок шаарында, Байтик жана Беловодск айыл өкмөттөрүндө жаӊы комитеттер түзүлдү. Беловодск айыл өкмөтүндө учурда иштеп жаткан комитеттин курамы жаӊыланды.  


Долбоордун алкагында жаӊы түзүлгөн комитеттердин Балыкчы шаарындагы комитеттин ийгиликтүү  иш тажрыйбалары менен таанышуулары үчүн тажрыйба алмашуу иш сапары уюштурулду, ал жерден мэриянын колдоо көрсөтүүсү астында дайыма иштеген кризистик болбор ачылгандыгына жана ар бир үй-бүлөлүк зомбулук фактысынын алдын алуу жана ыкчам чара көрүү боюнча ар тараптуу иш жүргүзүлүп жатканына күбө болушту.


Ошондой эле, долбордун алкагында үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдар үчүн оӊдоп-түзөө программасы боюнча жергиликтүү адистерди окутуу жүргүзүлөт. Мектептерде үй-бүлөдө жана кесиптештердин арасында зомбулуксуз “дени сак” коммуникацияны түзүү боюнча психологдун лекциялары өткөрүлөт.


«Чүй облусунун үч айыл өкмөтүндө жана Токмок шаарында үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо комитеттеринин мүчөлөрүнүн гендердик сезимталдуугун жогорулатуу» долбоору Кыргыз Республикасындагы АКШ Элчилигинин Демократиялык Комиссиясынын каржылык колдоо көрсөтүүсү астында ишке ашырылды.