Жайлоо бала бакчаларынын тарбиячыларынын Стамбул шаарына иш сапары ийгиликтүү аяктады

September 30, 2024, 06:06
 Кыргызстандын жайлоо бала бакчаларынын тарбиячыларынын Стамбул шаарына болгон иш сапары ийгиликтүү аяктады. Тажрыйба алмашуу программасы алкагында кыргыз делегациясы Стамбулдун ар кайсы аймактарындагы 8 бала бакча жана башталгыч мектептердин ишмердүүлүгү менен жакындан таанышып, алардын окуу-тарбиялоо процессин көрүүгө мүмкүнчүлүк алышты.

Программанын катышуучуларына Түрк дүйнөсүнүн муниципалитеттер бирлигинин башчысы Фахри Солак жолугушуу өткөрүп, пикир алмашты. Ал өз сөзүндө бул программа тарбиячылар үчүн чоң пайда алып келип, алардын билимин жана кесиптик жөндөмдөрүн өркүндөтүүгө өбөлгө түзөрүнө ишеним артып Программанын катышуучуларына сертификаттарды тапшырды.

Иш сапардын жүрүшүндө Кыргызстандын тарбиячылары Фахри Солакка жана “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фондуна терең ыраазычылыктарын билдиришти. Программа эки өлкөнүн билим берүү тармагындагы кызматташтыгын бекемдөөгө чоң салым кошору күтүлүүдө.

Бул иш сапар, Кыргызстан менен Түркиянын билим берүү жаатындагы алакаларын дагы да кеңейтүүгө жана кыргыз тарбиячыларынын кесиптик өнүгүүсүнө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууга багытталган кадам болуп саналат.

22-29 сентябрда Стамбулда өткөн тажрыйба алмашуу программасы "Роза Отунбаеванын демилгеси" фонду жана Түрк дүйнөсүнүн муниципалитеттер Союзу тарабынан колдоого алынып уюштурулду.