Кыргызстандын делегациясы Стамбул шаарында маданий мурастар менен таанышышты.

September 27, 2024, 23:05

Жайлоо бала бакчаларынын тарбиячылары кесиптик сапардын алкагында Түркиянын тарыхый жана маданий мурастары менен таанышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Маданий программа Стамбулдун кооз жерлерине экскурсияларды камтыды.


Тарбиячылар Стамбулдун тарыхый жарым аралына барышып, анын эң маанилүү архитектуралык эстеликтеринин бири болгон Айя София мечити менен таанышышты. Делегация мүчөлөрү бул тарыхый жайдын бай тарыхын, ислам жана византия маданияттарынын синтезин камтыган архитектуралык өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат алышты.


Андан тышкары, делегация мүчөлөрү Босфор кысыгы боюнча теплоходдо саякатка чыгышып ошондой эле Мрамор деңизинин сейилдешти.


Ошондой эле, сапардын алкагында тарбиячылар Түркиянын белгилүү Аквариумуна барышты. Бул сапарда тарбиячылар Түркиянын меткепке чейинки билим берүү тармагы эле эмес, өлкөнүн маданиятына жана тарыхына байланыштуу унутулгус тажрыйба топтошту.


Тажрыйба алмашуу программасы "Роза Отунбаеванын демилгеси" фонду жана Түрк дүйнөсүнүн муниципалитеттер Союзу тарабынан колдоого алынып уюштурулду.