«Роза Отунбаеванын Демилгеси» ЭАФ жетекчисинин Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри менен жолугушуусу

September 25, 2024, 09:33

25-сентябрда «Роза Отунбаеванын Демилгеси» фондунун аткаруучу директору Роза Жазыбаевна Кайыкованын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Жылдыз Арстанбековна Полотова менен жолугушуусу болуп өттү.  


Жолугушуунун башында Роза Жазыбаевна Кайыкова Министрликке жемиштүү кызматташуу үчүн ыраазычылык билдирди, Жылдыз Арстанбековнаны министр кызматына дайындалышы мнен куттуктады жана Си Цзиньпиндин мамлекетти башкаруу тууралуу китебин тапшырды.


Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар "Татыктуу Жашоо" долбоорунун алкагында зомбулукту төмөндөтүү жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүү боюнча кызматташуунун мүмкүн болгон багыттарын талкуулашты. Өзгөчө көӊүл калктын аярлуу катмарларынын жашоо-шарттарын жакшыртууга жана жумуш менен камсыз кылууга таасир этүү суроолоруна бурулду. Талкууга ошондой эле Иш менен камсыздоого көмөктөшүү боюнча чечимдерди даярдоо башкармалыгынын башчысы Н.А. Туркебекова жана долбоордун координатору Б.Н. Оторов катышты.