Тарбиячылар үчүн Түркия менен тажрыйба алмашуу программасынын экинчи күнү жыйынтыкталды

September 25, 2024, 05:48
Жайлоодогу бала бакчалардын тарбиячыларынын тобу Стамбулдагы бала бакчалардын жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын иш тажрыйбасын үйрөнүү программасынын алкагында Багжылар муниципалитетинин "Балдарды кароо борбору" Муниципалдык бала бакчасы жана Башакшехир муниципалитетинин "Эне жана бала борбору" мекемелерине барышты. Тарбиячылар Түркияда колдонулуп жаткан билим берүү ыкмалары жана бала бакчалардагы практикалар менен таанышышты.

Бул тажрыйба алмашуу эл аралык кызматташтыкты чыңдоого өбөлгө түзөт жана Программанын катышуучуларына Кыргызстандын мектепке чейинки билим берүү системасына, өзгөчө Жайлоодогу бала бакчалардын ишмердүүлүгүнө алдыңкы тажрыйбаларды киргизүүгө мүмкүндүк берет.

Программа "Роза Отунбаеванын демилгеси"фондунун жана Түрк дүйнөсүнүн муниципалитеттер Союзунун колдоосу менен уюштурулду.