Мамлекеттик тил жумалыгына карата “Поэзия кечеси” болуп өттү

September 24, 2024, 11:51
2024-жылдын 24-сентябрында Т. Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык институтунда “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду Мамлекеттик тил жумалыгына карата поэзия кечесин өткөрдү.

Иш-чарада КР Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү Максуда Ормонованын, Ч.Турсунбеков атындагы сынактын жеңүүчүсү Канат Таалайбек уулунун ата-эне, туулган жер, ата-мекен, сүйүү тууралуу чыгармалары жаңырды.

“Кыз бурак” тобунун мурунку солисти Ырчы Замира Кеңеш кызы, “Жаңы Толкун” адабий клубунун мүчөсү, обончу, аткаруучу Нуржигит Молдояров көрүүчүлөргө обондуу ырларды аткарып беришти.

Кеченин соңунда Фонддун аткаруучу директору Роза Кайыкова иш-чара Мамлекеттик тил күнүнө карата уюштурулганын белгилеп, саамалыкка катышкан көрөрмандарга ыраазычылыгын билдирди. Поэзия кечелерин уюштуруу Роза Исаковнанын идеясы болгондугун белгилеп, көптөгөн акындар таанылып, канаттарын жайганын кошумчалады. Т. Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык институтунун директору Уланбек Мамбетакуновду жаңы кызмат орду менен куттуктап, студенттерге окууларына жетишкендиктерди, акындарга чыгармачылык ийгилик жана эргүү каалап өттү.

Фонддун “Поэзия кечелери” демилгеси белгилүү жана жаш акындарынын чыгармачылыгын колдоого, борбор калаанын жарандарынын жана конокторунун маданий-агартуу эс алуусун өнүктүрүүгө багытталган.


“Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду негизделгенден тартып 119 акын катышкан 49-поэзия кечесин уюштуруп жатат.


Поэзия кечеси “Р. Отунбаеванын демилгеси” Фонду тарабынан, “Жаңы толкун” адабий клубунун колдоосу менен уюштурулууда.