Жайлоо бала бакчаларынын тарбиячылары Стамбул шаарындагы бала бакчалардын жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын тажрыйбасы менен таанышып жатышат
September 24, 2024, 11:45Биринчи күнү топ Бахчелиевлердеги Фахреттин Керим Акьязыдж атындагы муниципалдык бала бакчага жана Эсенлердеги Эсма Билтачи атындагы балдар жана энелер үчүн кампустун иши менен таанышышты.
Кыргызстандан келген делегация муниципалитеттин башчысы Хакан Бахадыр жолугуп тажрыйба алмашуунун пайдасы тууралуу баарлашышты.
Муниципалдык бала бакчада бир тайпада 3 жаштан 6 жашка чейинки балдар 25тен ашпайт. Бул бакча ошондой эле турмуштук оор кырдаалга кабылган энелерге киреше табууга жардам бере турган жаңы көндүмдөрдү алууга мүмкүнчүлүк каралган.
Экинчи борбор билим берүү борбору форматында иштеп, анда энелер ымыркайлары менен чогуу окуй алышат. Борбордо ошондой эле эбру сүрөт тартуу, компьютерде иштөө, ашпозчулук, спорт менен машыгуу ж.б. сабактары каралган. Балдар класста жүргөндө энелер да токуганды, сүрөт тартканды жана башка курстарга барышат.