Кыргыз-Герман техникалык институтунун 20 жылдык мааракеси менен куттуктайбыз!

September 18, 2024, 16:21

Бул жылдар аралыгында институт жогорку квалификациялуу адистерди тарбиялап гана тим болбостон, аялдар менен кыздардын билим алууга жана илимге умтулуусуна жигердүү колдоо көрсөткөн негизги институттардын бири болуп калды. Биздин өлкөнүн интеллектуалдык потенциалын өнүктүрүүгө жана мүмкүнчүлүктөрдүн теңдигине олуттуу салым кошкон аялдар жана кыздар арасында STEMди илгерилетүү жаатында сиздердин көп жылдык кызматташууңуздарды өзгөчө баалайбыз.


Сиздердин салым менен көптөгөн аялдар жана кыздар илим, инженерия жана математика жаатында тайманбас кадамдарды жасап, изилдөөчүлөрдүн жана новаторлордун жаңы муундарына жол ачууда.


Күчтүү илимий коомчулукту куруу жолунда мындан аркы ийгиликтерди, гүлдөп-өнүгүүнү жана жаңы жеңиштерди каалайбыз!


Урматтоо менен,

"Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык коомдук фондунун жамааты.